super.kg logo

Трамп Орусия менен Украина жакын арада келишим түзүшү мүмкүн экенин айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайда өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) саммитинин алкагында Орусиянын лидери Владимир Путин менен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин кеңири талкуулаганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Кытайда Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүмдүн жүрүшүндө Орусия менен Украинанын ортосунда келишим түзүлүшү мүмкүн экенине жана анын тез арада ишке ашырылышына көп убакыт бөлдүм”, – деген Трамп.

Ошондой эле АКШ лидери сүйлөшүүлөр тууралуу НАТОнун баш катчысы Марк Рюттеге маалымат бергенин белгиледи.

Эске салсак, 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхта биринчи жолу үч тараптуу жолугушуусу өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: