super.kg logo

Египетте күйүүү май ташыган унаанын жарылуусунан 31 адам каза тапты (видео)

 

Кечээ, 25-ноябрда Египеттин Гиза шаарында мунай заттарын жүктөгөн күйүүчү май ташуучу унаа күйүп, жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Эль-Варрак аймагындагы айланма жолдо болуп, жарылуудан 31 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 21ге жетти. Ошондой эле окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын 30 унаасы тартылып, жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди.

Бул аймактагы бейтапканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кабарланды. Учурда өрттүн келип чыгыш себеби такталууда.






Египеттеги өрттөн 31 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 21 жетти 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: