Шахмат: Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттештин алгачкы партиясы тең чыгуу менен аяктады
Швейцариянын Женева шаарында шахмат боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн беттештин алгачкы партиясы тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, өзбекстандык Жавохир Синдаров менен индиялык Гукеш Доммаражу 38 жүрүштөн кийин тең чыгышып, беттештин эсеби 0,5:0,5 болду.
20 жаштагы Жавохир Синдаров акыркы бир жылда Дүйнө кубогун жана талапкерлер турнирин жеңип алган. Учурда анын рейтинги дүйнөнүн учурдагы чемпиону Гукеш Доммаражунукунан жогору. Ошондуктан ал беттештин фаворити катары саналууда.
Ал эми Гукеш Доммаражу 2024-жылы 18 жашында кытайлык Дин Лижэнди жеңип, шахмат тарыхындагы эң жаш дүйнө чемпиону болгон.
Белгилей кетсек, беттештин экинчи партиясы бүгүн, 25-ноябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:28
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















