super.kg logo

SWIFT системасында евронун үлүшү тарыхый минимумга жетти

 

Октябрь айында SWIFT эл аралык банктар аралык төлөм системасында евронун үлүшү тарыхый минимумга жетип, 20,82 пайызды түздү. Бул тууралуу системанын маалыматтарына таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сентябрь айына салыштырмалуу евронун үлүшү 0,87 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Буга чейинки эң төмөнкү көрсөткүч март айында катталып, 21,3 пайызды түзгөн.

Ал эми АКШ долларынын үлүшү 1,67 пайыздык пунктка өсүп, 51,3 пайызга жеткен.

Октябрь айында SWIFT системасында эң көп колдонулган валюталар:

* АКШ доллары — 51,3 пайыз;
* Евро — 20,82 пайыз;
* Британиянын фунт стерлинги — 7,02 пайыз;
* Япониянын иенасы — 3,76 пайыз;
* Кытайдын юаны — 2,95 пайыз.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары бир катар өлкөлөр SWIFT системасына альтернатива катары өздөрүнүн каржылык маалымат алмашуу жана эл аралык төлөм системаларын иштеп чыгышкан. Алардын арасында Орусия, Кытай жана Индия бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: