Бишкектеги аялдамаларга автобус жана такси үчүн өзүнчө белгилер түшүрүлүүдө
Бишкектеги коомдук транспорт аялдамаларына атайын жол белгилери түшүрүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аялдамалардын аймагына коомдук транспорт үчүн арналган А1, А2, А3 белгилерин жана такси токтоочу жайын көрсөтүүчү "Т" белгисин түшүрүүдө.
Аталган иштер транспорт каражаттарынын аялдамаларга токтоосун иретке келтирүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:02
2026-11-27
12:9
2026-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















