Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Токиодогу мелдеште күч сынашат
Кыргызстандын дзюдочулары Токио шаарында мелдешке катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясы маалымдады.
Маалым болгондой, Токиодо дзюдо боюнча эл аралык мелдештердин бири - "Tokyo Grand Slam 2026" турнири өтөт.
"Турнир 5–6-декабрда болот, Кыргызстандын атынан мелдешке 20 спортчу катышат. Алардын 13сү эркек, 7си кыз-келиндер. Ата мекендик дзюдочулар дүйнөнүн күчтүү спортчулары менен күч сынашып, байгелүү орундар үчүн күрөшөт", - деп кошумчалады мекеме.
Белгилей кетсек, "Tokyo Grand Slam" - эл аралык Дзюдо федерациясынын дүйнөлүк турунун алкагында өтүүчү, абройлуу мелдештердин бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:04
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















