super.kg logo

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири башынан жаракат алды (видео)

 

Кечээ, 26-ноябрда түнкү саат 02:20 чамасында Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран Changan CS55 Plus үлгүсүндөгү унаа менен Абдрахманов көчөсүндө түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Ал эми 1997-жылы туурган А.Р. аттуу жаран Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан учурда кырсык орун алды.

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилгени маалым болду. Териштирүү уланууда.






Абдрахманов көчөсүндө эки унаа сүзүшүп айдоочулардын бири башынан жаракат алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: