Бишкекте жарандын үйүн саттырып, 3,8 миллион сом зыян келтиргендер кармалышты
Бишкек шаарында 3,8 миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-июнунда белгисиз адамдар жабырлануучуга WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышкан.
Шектүүлөр ага "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, 238 миң 970 сом насыя алууга жана акчаны өздөрү көрсөткөн реквизиттерге которууга, ошондой эле өзүнө таандык турак жайды төмөн баада сатууга көндүрүшкөн. Натыйжада жабырлануучуга жалпы 3 миллион 810 миң 470 сом материалдык зыян келтирилди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 20 жана 23 жаштагы шектүүлөр кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















