"Бешикташ" командасынын президенти Батумидеги мушташ боюнча үн катты
Түркиянын "Бешикташ" футболдук клубунун президенти Сердал Адал Батумиде өткөн беттеште болгон окуяга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 26-ноябрда "Бешикташ" менен "Хапоэль" клубдарынын беттеши учурунда күйөрмандар менен милициянын ортосунда чыр чыкты.
Натыйжада Грузиянын укук коргоо кызматкерлери Түркиянын болжол менен 12-13 жаранын кармап кетишти.
Ал эми Сердал Адал бул окуя боюнча: "Түрк футболунун өкүлдөрүнө жана күйөрмандарына карата жасалган орой мамилеге, басмырлоого жана коопсуздук эрежелеринин бузулушуна унчукпай калбайбыз. Зарыл чаралардын көрүлүшүн жана күнөөлүүлөрдүн, анын ичинде Европа футбол ассоциацияларынын биримдигин жоопкерчиликке тартылышын камсыз кылуу үчүн улуттук жана эл аралык деңгээлде чечкиндүү аракеттерди көрөбүз",- деп билдирди.
Ошондой эле клубдун президенти кармалган күйөрмандарды Түркияга кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин Израил тарап Түркиялык "Галатасарайдын" күйөрмандарына Палестинаны колдогон баннерлери үчүн нааразычылык билдирип, УЕФАга даттанды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















