super.kg logo

Батумиде Израиль менен Түркиянын футбол беттеши мушташка айланды (видео)

 

Кечээ, 26-ноябрда Грузиянын Батуми шаарында УЕФА Европа лигасынын 5-турунун алкагында Түркиянын "Бешикташ" Израилдин "Хапоэль" футбол клубдарынын беттешинде жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, беттеш негизи Стамбул шаарында өтүшү керек болгон. Бирок Түркиянын бийлиги Израилдин командасынын коопсуздугунун камсыздай албагандыгынан беттеш Батуми шаарына белгиленди. Беттештин жүрүшүндө түркиялык күйөрмандар Палестинанын желегин жана ал өлкөнү жактаган банерди алып чыгышты.

Грузиянын коопсуздук кызматкерлери күйөрмандардан желек менен банерди алууга аракет жасап, көздөн жаш чыгаруучу баллон колдонушканы айтылды.

Мындан тышкары, "Бешикташ" командасынын оюнчулары беттештин башында каршылаштары менен кол алышпаганы маалым болду.

Беттештин жыйынтыгы боюнча "Бешикташ" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.






Израил менен Турциянын беттешинде мушташ чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: