Батумиде Израил менен Түркиянын футбол беттеши мушташка айланды (видео)
Кечээ, 26-ноябрда Грузиянын Батуми шаарында УЕФА Европа лигасынын 5-турунун алкагында Түркиянын "Бешикташ" жана Израилдин "Хапоэль" футбол клубдарынын беттешинде жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, беттеш негизи Стамбул шаарында өтүшү керек болгон. Бирок Түркиянын бийлиги Израилдин командасынын коопсуздугунун камсыздай албагандыгынан беттеш Батуми шаарына белгиленди. Беттештин жүрүшүндө түркиялык күйөрмандар Палестинанын желегин жана ал өлкөнү жактаган банерди алып чыгышты.
Грузиянын коопсуздук кызматкерлери күйөрмандардан желек менен банерди алууга аракет жасап, көздөн жаш чыгаруучу баллон колдонушканы айтылды.
Мындан тышкары, "Бешикташ" командасынын оюнчулары беттештин башында каршылаштары менен кол алышпаганы маалым болду.
Беттештин жыйынтыгы боюнча "Бешикташ" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Израил менен Турциянын беттешинде мушташ чыкты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















