Чынара Батракеева: "ЖРТнын тапшырмасы мектеп программасынын чегинен чыкпайт" (видео)
Жалпы республикалык тестирлөөнүн тапшырмалары мектеп программасынын чегинен чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
"Кайталап айтам, жалпы республикалык тестирлөөнүн бир дагы тапшырмасы мектеп программасынын чегинен чыкпайт. Биз муну толугу менен тастыктап бере алабыз",- деди ал.
Батракееванын айтымында, тапшырмалардын мектеп программасына шайкештиги боюнча буга чейин үч экспертиза жүргүзүлдү. Анын бирин Жогорку Кеңеш, экөөсүн Агартуу министрлиги демилгеледи. Акыркы экспертиза 2023-жылы өткөрүлүп, корутундусунда ЖРТнын кыргыз жана орус тилдериндеги тапшырмалары эки тилде тең түшүнүктүү экени белгиленди.
Мындан тышкары, тапшырмалардын татаалдыгын аныктоо үчүн тестология илимине негизделген дифференциалдык анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары борбордун сайтына жарыяланды.
Эске сала кетсек, депутат Камила Талиева буга чейин парламент жыйынында ЖРТнын тапшырмалары мектеп программасына дал келбей жатканын айтып, ата-энелер балдарын кошумча курстарга берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген.
Чынара Батракеева: "ЖРТнын бир дагы тапшырмасы мектеп программасынан чыкпайт" (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















