super.kg logo

Бекешев ЖРТнын биринчисин мамлекетке, экинчисин бүтүрүүчүгө төлөтүүнү сунуштады (видео)

 

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөнү санариптештирип, абитуриенттерге тестти эки жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖРТны өткөрүүгө жылына 84 миллион сом сарпталат. Ал жыйында тестти биринчи жолу тапшыруунун акысын мамлекет төлөп берсин деген сунушун айтты.

"Коңшу мамлекеттер санариптештирүү багытында иш алып барып жатышат, биз болсо артта калып калдык чынында. ЖРТны эки жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экен. Биринчисин мамлекет төлөп берсин, экинчисин окуучулар өздөрү төлөшсүн",- деди ал.

Мындан тышкары, Бекешев айрым факультеттерде абитуриенттер жетишпей жаткандыктан, аларга ЖРТнын жыйынтыгын талап кылбастан студент кабыл алууга уруксат берүү керектигин белгиледи.

"Биз ата-энелерден акча алып, балдарды стресске салып, анан бирөө университетке барат, бирөө барбайт дейбиз. Негизи бул мамлекетке керек да",- деди эл өкүлү.






Бекешев ЖРТнын бир жолкусун мамлекет, экинчисин бүтүрүүчү өзү төлөшүн сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: