Чынара Батракеева: "ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар да чалышат" (видео)
Бүгүн 27-ноябрда Жогорку Кеңештин "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобунун жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева айрым депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер окуучулардын упайын көбөйтүү өтүнүчү менен телефон чалышарын билдирди.
"Жыл сайын мамлекеттик кызматкерлер, азыркы чакырылыштын депутаттары да чалып, “баланча балага упай кошуп койгула, алтынга жетпей калыптыр” деген учурлары болот. Мамлекеттин колдоосу менен көз карандысыз борбор болуп түзүлгөн. Эгер мамлекетке өткөрүп, бул механизмди жоготуп алсак, коррупциялык көрүнүштөргө жол ачылышы мүмкүн",- деди Батракеева.
Депутаттык топтун жетекчиси Дастан Жумабеков андай чалуулар болгон болсо, алардын аты-жөнүн ачык айтууну талап кылды.
"Же сөзүңүздү артка алыңыз же ошол депутаттардын аты-жөнүн жазуу жүзүндө бериңиз. Бул боюнча сизден жооп күтөбүз",- деди Жумабеков.
Чынара Батракеева: "ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар чалат..." (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















