АКШнын айрым аймактарында 900дөн ашуун үй-бүлө электр жарыгы жок калды
Кечээ, 26-ноябрда АКШнын чыгыш штаттарында 900дөн ашуун үй-бүлө жана ишкана катуу бороондон улам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Виржинияда суу ташкыны катталды. Катуу шамал дарактарды кулатып, Нью-Жерси штатында 25-ноябрдан бери өзгөчө кырдаал режими иштеп жатканы айтылды. Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана катуу шамалдан улам өлкө боюнча 400гө жакын аба каттамы токтотулуп, дагы эки миңден ашууну кармалды.
Улуттук аба ырайы кызматы катуу шамал боюнча эскертүү берип, анын ылдамдыгы саатына 105 чакырымга чейин көбөйүшү күтүлүп жатканын кошумчаланды.
Аба ырайынын бузулушунан улам Ыраазычылык күнүнө карата Нью-Йорк шаарында өтчү жүрүш 28-ноябрга жылдырылганы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:30
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















