super.kg logo

ИИМ: "Жардыруучу зат коюлду" деген жалган билдирүү тамаша эмес" (видео)

 

Бүгүн, 27-ноябрда Ички иштер министрлиги жардыруучу түзүлүштөр коюлганы тууралуу жалган билдирүүлөрдүн, анын ичинде жашы жете электер тарабынан жасалган учурлардын көбөйүп жатканына байланыштуу ата-энелерге кайрылды.

Маалыматка ылайык, мындай билдирүүлөрдү жөн гана тамаша катары кабыл алууга болбойт. Ар бир жалган маалымат түшкөн учурда тиешелүү кызматтар ыкчам аракет көрүп, текшерүү иштерин жүргүзүүгө аргасыз болушат. Бул үчүн укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күчү жана каражаттары тартылат.

Мындан тышкары, мындай аракеттер коомчулук арасында тынчсызданууну жаратып, мамлекеттик мекемелердин кадимки иш тартибине тоскоолдук кылат.

"Балдар жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган билдирүүлөр олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин, коомдук тартипти бузуп, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күчүн жана убактысын чыныгы жардамга муктаж адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдан алаксытарын түшүнүшү маанилүү",- деп айтылат маалыматта.






ИИМ: "Жардыручу зат коюлду" деген жалган билдирүү тамаша эмес" (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: