super.kg logo

Өзгөндө алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

 

Өзгөн районунда укук коргоо органдарынын издөөсүндө жүргөн алдамчылыкка шектүү 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 25–27-ноябрь күндөрү облус аймагында өтүп жаткан "Укук тартип" аталышындагы рейдде кармалды.

"Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн, 2005-жылы туулган А. уулу А. жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга алынды", - деп кошумчалады мекеме.

Ош облусунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы иш-чаралар уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: