Өзгөндө алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды
Өзгөн районунда укук коргоо органдарынын издөөсүндө жүргөн алдамчылыкка шектүү 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 25-27-ноябрь күндөрү облус аймагында өтүп жаткан "Укук тартип" аталышындагы рейдде кармалды.
"Өзгөн РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 209-берене (Алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн, 2005-жылы туулган А. уулу А. жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды",- деп кошумчалады мекеме.
Ош облусунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы иш-чаралар уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















