super.kg logo

Nvidia төрт өлкөгө сервер жеткирүүнү токтотушу мүмкүн

 

Сингапур бийлиги америкалык Nvidia компаниясынын чиптери орнотулган серверлерди жеткирүү токтотулганы тууралуу маалыматты азырынча ырастай элек. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Ган Ким Ён Asia Future Summit саммитинде билдирген.

Буга чейин Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, Nvidia өндүрүштүк өнөктөштөрүнө Малайзия, Сингапур, Таиланд жана Индонезияга серверлерди жеткирүүнү убактылуу токтотууну тапшырганын жазган.

“Азырынча бул маалыматты ырастай элекпиз. Учурда жергиликтүү компаниялар менен байланышып, АКШнын жаңы эрежелери алардын ишмердүүлүгүнө кандай таасир этерин тактап жатабыз”,- деген вице-премьер 26-ноябрда.

Белгилей кетсек, Nvidia компаниясы бул боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: