Германия менен Франциянын ортосунда бюджет боюнча пикир келишпестик жаралды
Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Евробиримдиктин көп жылдык бюджети боюнча эки башка позицияны карманышты. Бул тууралуу EUobserver басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Германия баштаган өлкөлөр Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта сунуштаган 204 миллиард евродон да көп каражатты кыскартууну талап кылышкан.

Мерц бюджетти бир нече жүз миллиард еврого кыскартуу керектигин билдирген. Ал эми Макрон мындай талапты стратегиялык ката деп атаган.
“Биз мамлекеттик инвестициялардын көлөмү боюнча Кытайдан артта калуу коркунучуна туш болобуз. Франция бюджетти мындан ары кыскартууну колдобойт”,- деген Макрон.
Брюсселде өткөн саммитте Евробиримдиктин 2028–2034-жылдарга карата бюджети жана Украинага 45 миллиард евро өлчөмүндө жаңы насыя берүү боюнча макулдашууга жетишилген эмес.
Тараптар саммитти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктап, аталган маселелерди декабрда кайрадан талкуулоону чечишкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















