Атасынын дарылануусуна жардам керек: Үй-бүлөсү 65 миң доллар чогултууда
Журналист Айгерим Турдалиева атасынын дарылануусун улантуу үчүн элден жардам сурап жатат. Анын атасына 2025-жылы агрессивдүү онкологиялык оору — диффуздук В ири клеткалуу лимфома диагнозу коюлган.
2025-жылы оору аныкталганда Стамбулда 6 курс химиотерапия алып, ремиссия болгон. Бирок 5 айдан кийин оорусу кайра күч алды.
Алгач февраль айынан тарта Улуттук онкология борборунда дарыланып баштады. Натыйжа бербегендиктен, 2026-жылдын сентябрынан бери Түркияда дарыланууда.
Буга чейин дарыланууга 57 миң доллар сарпталды. Эми дарылоону улантып, аллогендик трансплантацияга даярдануу үчүн дагы 65 миң доллар керек болууда.
Атасынын аман-эсен айыгып, үй-бүлөсүнө кайтып келишин каалаган Айгерим кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайт.
Жардам берүү үчүн:
Телефон: +996 709 615 122 (Айгерим Турдалиева)
MBank: +996 709 615 122 (Айгерим Т.)
Visa карта номери: 4177490194985851
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















