Бишкекте мыйзамсыз 33 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бошотулду
Бишкекте унаа токтотуучу жай катары берилген жер тилкеси мыйзамсыз түрдө автоунаа сатуу аянтчасы катары пайдаланылып келген жер бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27- ноябрда мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Исакеев жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймактан аныкталган. Анда 33 миң чарчы метр жер тилкеси белгиленген максатына каршы колдонулгандыктан, буга чейин түзүлгөн келишимдер бузулган.
"Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жалпы аянты 33 миң чарчы метрден ашкан аймак бошотулду. Ал жерден 1 000ден ашык автоунаа чыгарылып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ошондой эле аймакты курчап турган тосмолор жер ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө алынган", - деп кошумчалады мекеме.
Белгилей кетсек бул иш-чара мэрия тараптан 20-ноябрда башталып, бүгүнкү күндө толук аягына чыкты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















