super.kg logo

Ошто чыр-чатактарды сотко жеткирбей чечүүнүн жолдору талкууланды

 

Ош шаарынын мэриясында медиация боюнча окутуу семинары өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаарындагы медиация борборунун директору Авазбек Шамшиев, юстиция башкармалыгынын жана шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Семинарда чыр-чатактарды сотко жеткирбестен, өз ара макулдашуу аркылуу тынчтык жолу менен чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана медиациянын укуктук негиздери тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен медиаторлордун кызматташтыгы, жергиликтүү деңгээлде медиацияны өнүктүрүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, медиация – талаш-тартыштарды бейтарап ортомчунун жардамы менен өз ара макулдашуу аркылуу чечүү ыкмасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: