super.kg logo

Эми аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн акчалай компенсация төлөнөт

 

Эми "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн ай сайын акчалай компенсация алышат. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, компенсация берүү механизми Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-ноябрындагы №788 токтому менен бекитилди.

Жаңы тартипке ылайык, жеңилдетилген тариф 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын өлчөмүндө белгиленет. Компенсация колдонуудагы тариф менен жеңилдетилген тарифтин айырмасынын негизинде эсептелет.

Жеңилдетилген керектөө чеги:

  • Жай мезгилинде (1-апрелден 1-октябрга чейин) — айына 400 кВт/саатка чейин;
  • Кыш мезгилинде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) — айына 700 кВт/саатка чейин.

2026-жылдын 1-октябрына карата "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун 38 миң 695 үй-бүлө алган. Алардын 36 миң 833ү электр энергиясына болгон жеңилдиктен пайдаланып келет.

"Компенсация санариптик система аркылуу жөлөкпул менен бир убакта эсептелип, төлөнөт. Ошондуктан жарандар аны алуу үчүн өзүнчө арыз берүүгө муктаж эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бул чара 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: