Талас 2028-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна айланат
Талас шаары 2028-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланды. Бул тууралуу Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, мындай чечим Өзбекстандын Анжиан шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин ХХХХIII жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ — 1993-жылы түзүлгөн, түрк тилдүү элдердин орток маданий мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана дүйнөгө таанытуу менен алектенген эл аралык уюм. Ага Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мүчө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:42
2026-11-27
10:51
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















