ЖЫЛНААМА, 25-ноябрь: Футболчу Гүлжигит Алыкулов 26 жашка толду
Бүгүн, 25-ноябрда кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 26 жашка толду.
Алыкулов 2000-жылы 25-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында туулган. Ылдамдыгы жана топ менен иштөө чеберчилиги үчүн күйөрмандар арасында "кыргыз Мессиси" деген каймана ат менен белгилүү. Анын атасы эл арасында "Шорпо" каймана аты менен таанылган куудул Жаныбек Алыкулов.
Футболчу клубдук карьерасында бир катар ийгиликтерге жетишкен. Ал Казакстандын чемпиону, Беларустун "Неман" клубунун мыкты оюнчусу деп табылган. Алыкулов футболдук карьерасын "Алга", "Дордой" клубунун академиясында баштаган. Кийин Түркиянын, Казакстандын клубдарында ойногон. Учурда Беларустун "Динамо-Минск" клубунун оюнчусу. .
Гүлжигит Алыкуловду 26 жаш курагы менен куттуктайбыз. Ага бекем ден соолук, ийгиликтүү оюндар жана жаңы жеңиштерди каалайбыз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















