Зарема Асаналиева туулган күнүндө "Маданияттын мыкты кызматкери" аталды
Бүгүн, 25-ноябрь белгилүү актриса Зарема Асаналиеванын туулган күнү. Ал бул жылы 39 жашка толду. Актриса айымдын өздүк майрамын куттуктагандардын катарын SUPER.KG порталы дагы толуктап, каалоо-тилектерибизди айтып, бүгүнкү күндү кантип белгилерине кызыгып көрдүк.
- Саламатсызбы, Зарема айым! Алгач сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Айтыңызчы, бүгүн сизди биринчилерден болуп ким куттуктады?
- Мени туулган күнүм менен биринчилерден болуп жээним куттуктады.
- Туулган күнүңүздө алган белектердин ичинен өзгөчө эсиңизде калганы кайсы болду?
- Бүгүн туулган күнүмө даярданып, чуркап жүргөн элем. Ошол учурда Маданият министрлигинен чалып, "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын ыйгара тургандыктарын айтышты. Бүгүн дал ушул наам менен сыйландым. Бул мен үчүн күтүүсүз жана абдан жагымдуу белек болду. Туулган күнүмдөгү эң сонун белек десем болот.
- Жаңы жашыңызды кандай маанайда жана кимдердин курчоосунда белгилейсиз?
- Туулган күнүмдү чыгармачылык чөйрөдөгү адамдардын, досторумдун жана жакындарымдын курчоосунда өткөрөм. Быйыл өздүк майрамымды өзгөчө ретро стилинде белгилөөнү чечтим. Жадагалса жасалгалардын баары ошол стилде даярдалды.
- Сизди дагы бир жолу туулган күнүңүз жана сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана ар дайым жакшы жаңылыктар коштоп жүрүшүн каалайбыз.
Эске салсак, Зарема Асаналиева 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин бир жыл "Туңгуч" театрында актриса болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетинен билим алган. 2006-жылы "Нооруз" фестивалында "Менин революциям – менин сүйүүм!" деген спектаклде роль аткарып, "Мыкты дебют" наамын алган. Ушул ролдон кийин актрисага "Боз салкын" тасмасына тартылуу сунушу түшкөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















