Бишкекте эне-балага орой мамиле жасаган эки жаран кармалды (видео)
Бишкекте көчөдө аялга жана анын баласына орой мамиле жасаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тартылган видео 25-ноябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда аныкталды. Алардын видеодогу жүрүм-турумуна караганда, мас абалында болушу мүмкүн экендиги байкалды.
Бул факты Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1996-жылы туулган А.У. жана 1995-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди.
Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, кармалды.
"Тиешелүү материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте эне-балага орой мамиле жасаган эки жаран кармалды (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















