37 миң катышуучу жана 15 билим берүү багыты: Бишкекте Евразия Орус тили жана маданияты борборунун ишинин жыйынтыгы чыгарылды
Кыргызстандын борбор калаасында 27-ноябрда Евразиянын Орус тили, маданияты жана инклюзия боюнча борборунун ачылгандыгынын бир жылдыгы белгиленди. Бул аралыкта борбордо 4500дөн ашуун бала билим алып, анын билим берүү долбоорлоруна шаардагы 10 мектеп катышкан.
“Евразия. Мүмкүнчүлүктөр мейкиндиги” аталышындагы майрамдык иш-чараны борбордун тарбиялануучулары алып барышты. Алар музыкалык жана чыгармачылык номерлерди тартуулап, театралдык номер көрсөтүштү. Андан соң коноктор үчүн экскурсия уюштурулуп, сабактар кайда жана кандай өтөрү тууралуу маалымат берилди.
Бишкектеги борбор 2025-жылдын 23-ноябрында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун демилгеси жана Орус тилин колдоо боюнча Евразия ассоциациясынын колдоосу менен ачылган. Борбор орус тилин үйрөнүүгө көмөктөшүп, Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү жана маданият тармагындагы байланышын бекемдөөгө багытталган. Бардык сабактар жана иш-чаралар акысыз өткөрүлөт.
Борбордо робототехника, шахмат, сүрөт тартуудан тартып чечендик өнөр, медиаконтент түзүү жана театралдык студияга чейин 15 билим берүү багыты бар. Ошондой эле чет өлкөлүктөр жана кыргыз тилдүүлөр үчүн орус тили курстары ачылган.
Алгачкы окуу жылынын көрсөткүчтөрү:
* 37 миң адам борбордун программалары жана иш-чаралары менен камтылган;
* 243 адам көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жайкы академияга катышкан;
* 1000ден ашуун бала Кара деңиздин жээгиндеги билим берүү лагерлерине барган;
* Ай сайын 15 тематикалык иш-чара өткөрүлөт.
Борбор ошондой эле кесиптик, чыгармачылык жана жаштар бирикмелерин колдойт. Алардын арасында “Креативдүү демилгелер мектеби”, “Евразия лидерлеринин ассоциациясы” жана “Евразиянын жаш кинематографисттер ассоциациясы” бар. Мындан тышкары аялдар жана шахмат коомчулугу өнүгүп, улуу муундун өкүлдөрүнө арналган программалар ишке ашырылууда.
Мугалимдер менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Борбордун базасында кесипкөй педагогдордун коомчулугу иш алып барат. Анын катышуучулары тажрыйба алмашуу, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүү жана жаңы билим берүү демилгелерин биргелешип иштеп чыгуу максатында үзгүлтүксүз жолугушуп турушат.
Борбордун бир жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү Екатерина Чистова, Бишкектеги “Орус үйүнүн” жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Г.Алиев атындагы №20 мектептин директору Каныкей Алымкулова, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов жана А.Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын тарых музейинин директору Насиба Устинова катышты.
Ишмердүүлүгүнүн алгачкы жылы Евразия борборуна суроо-талап жогору экенин жана анын билим берүүнү практика менен, маданиятты активдүү катышуу менен айкалыштырган, балдар менен жаштардын өнүгүүсүнө насаатчылар жана кесиптик коомчулуктар аркылуу колдоо көрсөткөн аянтча катары чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин көрсөттү.
Ар бир көрсөткүчтүн артында адамдар, алардын эмгеги, алган билими жана жаңы мүмкүнчүлүктөрү турат. Борбор тил, маданият жана билим берүү аркылуу адамдарды бириктирген, өз ара диалог түзүүгө өбөлгө болгон мейкиндик катары өнүгүүсүн улантууда. Алдыдагы негизги милдеттердин катарына учурдагы багыттарды өнүктүрүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана Кыргызстандын аймактарында ишмердүүлүгүн кеңейтүү кирет.
Маалымат үчүн:
“Евразия” — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн, жеке каражаттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу коммерциялык эмес уюм.
“Евразиянын” миссиясы — салттуу баалуулуктарды, тарыхый эстутумду жана континенттеги элдердин бирдиктүү маданий кодун сактоо үчүн ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирүү.
Уюмдун программалары билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук тармактарын камтыйт. Негизги долбоорлору орус тилинин маданияттар аралык диалогдун каражаты катары ролун бекемдөөгө багытталган.
“Евразия” балдарга, үй-бүлөлөргө жана жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, педагогдордун, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана башка адистердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрөт. Ошондой эле экологиялык жана гуманитардык миссияларды өткөрөт.
Бир жарым жыл ичинде уюмдун демилгелерин дүйнөнүн 81 өлкөсүнөн 300 миңден ашуун адам колдогон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















