Президенттик шайлоого аттанган Азамат Эсенбеков да 30 миң кол топтоду
Бүгүн, 29-ноябрда, президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Азамат Эсенбеков "Түндүк" тиркемеси аркылуу 30 миң 058 шайлоочунун кол тамгасын топтоду. Муну менен ал талапкер катары расмий катталуу үчүн зарыл болгон кол топтоо этабынан өттү.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган маалыматтарга ылайык, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн башка жарандардын кол топтоо көрсөткүчү төмөнкүдөй:
- Акай Кыдыров — 27 миң 036;
- Бакытбек Адылов — 24 миң 535;
- Мамбетжунус Абылов — 14 миң 842;
- Амур Айба Медер — 14 миң 684.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн ар бир жаран расмий каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.
Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Исхак Масалиев, Клара Сооронкулова жана Бактыбек Калмаматов да талап кылынган сандагы кол тамгаларды топтошкон.
Кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Ал эми Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















