Камила Талиеванын мандаты: Парламенттин кызматкери жумуштан кетти (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы тууралуу маалыматты четке какты. Ал бул маалыматты такталбаган ушак деп атап, аны тараткан кызматкерге чара көрүлгөнүн билдирди.
"Мен абдан таң калып жатам. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбызбы же ушак мамлекетинде жашап калдыкпы? Такталбаган ушак маалыматты таратканы үчүн сиз (ред.: Марлен Маматалиев) кызматкериңизге чара көрүп, кызматтан бошотупсуз. Рахмат. Иштеп жаткан кишини бейчеки бейпайга салбаш керек", — деди Талиева жыйында.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар депутаттын мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы боюнча маалыматтар тарап жатканын жазышкан.
Камила Талиеванын мандаты: Парламенттин кызматкери жумуштан кетти (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















