Pussycat Dolls: Бир кезде дүйнөнү багындырган топтун кыздары азыр кайда?
2000-жылдары дүйнөлүк шоу-бизнесте популярдуулукка жеткен америкалык Pussycat Dolls тобунун ырлары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек. «Don’t Cha», «Buttons», «Stickwitu», «When I Grow Up» сыяктуу хиттери менен миллиондогон күйөрман топтогон жамаат 2010-жылы тарап, анын мүчөлөрү жеке карьерасына бет алышкан.
2019-жылы топтун кыздары кайрадан биригишкен. Бирок пандемиядан улам пландалган гастролдук тур кийинкиге жылдырылып, кийинчерээк жокко чыгарылган.
Анда эмесе, бир кезде дүйнөлүк сахнаны багындырган алты сулуунун чыгармачылык жолу жана жеке жашоосу кандай нукта өнүккөнүнө токтолобуз.

2026-жылдын 12-мартында Pussycat Dolls тобу үч адамдан турган жаңы курамда сахнага кайтып келгенин жарыялады. Николь Шерзингер, Эшли Робертс жана Кимберли Уайтт «Club Song» аттуу жаңы ырын тартуулап, сентябрда Европада гастролдук турун башташты.
Николь Шерзингер, 48 жашта

Топтун негизги солисти болгон Николь Шерзингердин жеке карьерасы ийгиликтүү уланды. Ал өз алдынча ырларды, альбомдорду чыгарып, бир катар теледолбоорлорго катышты. Ошондой эле британиялык «The X Factor» шоусунда калыстар тобунун мүчөсү болду.
Кийинки жылдары ырчы театр дүйнөсүндө да ийгилик жарата алды. Ал «Sunset Boulevard» мюзиклиндеги ролу үчүн Olivier жана Tony аттуу абройлуу сыйлыктарга ээ болду.
Жеке жашоосунда ырчы «Формула-1» жарышынын жылдызы Льюис Хэмилтон менен көп жыл мамиледе болгон. Кийинчерээк түгөйлөр эки башка жолго түшүшкөн.
2026-жылы Шерзингер кайрадан Pussycat Dolls тобунун сахнадагы негизги жүзүнө айланды.
Белгилей кетсек, Николь Шерзингер 2026-жылдын 31-августунда Кыргызстанга келип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде «Бишкек Арена» стадионунда өнөрүн тартуулап кеткен.

Ырчы Кыргызстандан алган таасирлери менен социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүп, кыргызстандыктарга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле Кыргызстанга сөзсүз кайра келерин айткан.
Эми дүйнөлүк жылдыз Бишкекке топтун башка мүчөлөрү менен келгени турат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 2027-жылдын 17-январында Pussycat Dolls тобу борбор калаадагы «Жаштык Аренада» концерт берет.
Эшли Робертс, 45 жашта

Топ тарагандан кийин Эшли Робертс бий жана актёрдук чеберчилик боюнча билим алып, жеке чыгармачылыгын өнүктүрүүгө киришкен. 2012-жылы ал алгачкы жеке ырын, эки жылдан кийин альбомун чыгарган.
Бирок ырчы музыкалык карьерага караганда телекөрсөтүү тармагында көбүрөөк ийгиликке жеткен. Ал Улуу Британиядагы популярдуу теледолбоорлорго катышып, Heart радиосунда алып баруучу катары да таанылды.
2026-жылы Эшли кайрадан музыкалык сахнага кайтып келди.
Мелоди Торнтон, 42 жашта

Мелоди Торнтон топтун курамында жүргөндө өзүнүн вокалдык мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтө албаганы тууралуу айтып келген.
Жамааттан кеткенден кийин ал жеке ырларын чыгарып, америкалык реалити-шоуларга катышкан. Ошондой эле музыкалык театр тармагында өзүн сынаган.
Мелоди 2019-жылы топтун кайрадан биригишине катышуудан баш тарткан. 2026-жылы да ал жамааттын жаңы курамына кошулган жок.
Кимберли Уайтт, 44 жашта

Pussycat Dolls тобу тарагандан кийин Кимберли Уайтт Her Majesty & The Wolves аттуу музыкалык топ түзгөн. Бирок жамаат чоң популярдуулукка жете алган эмес.
Анын «Candy» аттуу ыры «Көчө бийлери 3D» тасмасынын саундтреги катары таанылган. Кийинчерээк ал бий жана телекөрсөтүү тармагында карьерасын уланткан.
Кимберли үй-бүлөлүк бакытка да ээ болгон. Ал модель Макс Роджерс менен баш кошуп, үч балалуу болгон.
2026-жылы ырчы Pussycat Dolls тобунун жаңы курамына кирип, кайрадан чоң сахнага чыкты.
Жессика Сатта, 44 жашта

Жамаат тарагандан кийин Жессика Сатта жеке чыгармачылык менен алектене баштаган. Анын алгачкы жеке ырларынын бири америкалык музыкалык чартта биринчи орунду ээлеген.
Ырчы жашоосунда оор күндөрдү да башынан өткөргөн. Ал бир топ убакыт алкоголдук көз карандылык менен күрөшкөн.
Кийинчерээк барабанчы Майки Маркварт менен баш кошуп, уулдуу болгон.
2026-жылы Жессика топтун кайрадан биригишине катышкан жок. Ал жаңы курамга кирбей калганына байланыштуу өз пикирин да ачык билдирген.
Кармит Бачар, 52 жашта

Кармит Бачар Pussycat Dolls тобуна кошулганга чейин эле профессионал бийчи катары таанылган. Ал Гвен Стефани, Рики Мартин, Женнифер Лопес сыяктуу дүйнөлүк жылдыздардын концерттеринде бийлеген.
2008-жылы топтон кеткенден кийин жеке музыкалык долбоорлор менен алектенип, башка аткаруучуларга ыр жаза баштаган. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине көңүл бурган.
2026-жылдын мартында Кармит топтун кайрадан биригиши тууралуу маалыматты коомчулук менен бир убакта укканын жана ага эч ким алдын ала кабарлабаганын билдирген.
Ошентип, бир кезде алты кыздан турган легендарлуу Pussycat Dolls тобу 2026-жылы үч ырчыдан турган курамда чыгармачылыгын улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















