super.kg logo
  Саясат  

Аскер институтунда Ачык эшиктер күнү өтүп, катардагы жарандар аскерлердин жашоосу менен жакындан таанышышты (фоторепортаж)

 
Аскер институтунун курсанттары
Темирден катуу тартип
Мекендин келечектеги коргоочулары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги
Аскер окуу жайынын курсанттары мамлекеттик желекти көтөрүүдө
Коргоо министринин орун басары Жаныбек Капаров мекен сакчыларын келе жаткан 23-Февраль майрамы менен куттуктады
Аскер институтунун агайлары жана курсанттары марш учурунда
Аскер институтунун агайлары жана курсанттары марш учурунда
Катышуучуларга мылтыктарды кармоого мүмкүн болду
Бала бакчалардын тарбиялануучулары мылтыкка кызыгышууда
КРнын Куралдуу күчтөрүндө ушундай аскердик унаа бар
Мектеп окуучуларына вертолёттун учкучунун ордуна отурууга мүмкүн болду
Квадрациклды айдаганды билбегендерге курсанттар жардам беришти
Жаштар сүрөткө түшүүдө
Квадрацикл минүүгө узун кезек түзүлдү
Бүгүн, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда Ачык эшиктер күнү өттү. Ага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары, бала бакча жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары болуп жалпысынан 350дөн ашык конок чакырылды. Алар үчүн бир нече кызыктуу иш-чаралар көрсөтүлдү.

Ачык эшиктер күнү мамлекеттик желекти көтөрүү жана гимнди аткаруу менен башталды. КРнын Коргоо министринин орун басары Жаныбек Капаров: “Аскер болуу - ардактуу милдет. Ошондуктан биз силерди мекенди коргоого чакырабыз. Аскер институтуна тапшыргыңар келсе, райондук аскердик комиссариат силерге керектүү иш-кагаздарды чогултууга жардам берет”,- деп жаш конокторго кайрылды. Мындан тышкары ал Аскер институтунун алдынкы курсанттарына энчилүү стипендия берүү боюнча коргоо министринин атынан буйрук берди жана мекен коргоочуларын келе жаткан 23-Февраль майрамы менен куттуктады.

Андан соң жаш конокторго КРнын Куралдуу күчтөрүндө камдалган мылтыктардын түрлөрү көрсөтүлдү. Учурдан пайдаланып, балдар мылтыктар менен уюлдук телефондоруна сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын катышуучулары аскердик унаа, тик учак, учактар жайгаштырылган аймакка барышты. Ал жакта балдар вертолёттун учкучунун жана унаалардын айдоочуларынын ордуна отурууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле аскердик ысык тамактан даам татышты. 

Катышуучулар үчүн атайын Кант шаарындагы авиациялык базадан орусиялык тез учуучу учак (истребитель) шуулдап учуп келип, асманда бир нече убакыт айланып, балдардын көңүлүнө терең таасир калтырды.

Иш-чара даректүү тасма көрсөтүү жана майрамдык концерт менен аяктады.






"Жоокер болгум келет"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: