super.kg logo

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүүлөр кармала элек

 

10-мартта дайынсыз жоголгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Бирок кылмышка шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Арзыматов билдирди. 

“16-мартта кечки саат 20:30 чамасында Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси табылган. Аламүдүн районундагы Байтик айылынын талаасынан табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Анын ичинде биологиялык экспертиза дайындалып, зордуктоого кабылгандыгы текшерилет. Азыркы тапта бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, тааныштары, акыркы жолу сүйлөшкөн адамдары суракка алынууда”,- деди ал. 

Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.






Камиланын өлүмүнө ким күнөөлүү?

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(73)
18.03.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииий жаткан жерин жайлуу болсун!жаман болгонгоо байкуш кыз жакшынакаааай экен ((((
18.03.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкерди кармап, элдин козунчо кыйнап олтурсо да аздык кылат!!!
18.03.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
чондордун баласы илешкен болсо камалбайт, доктурдан кагаз даярдап, соттолгонго болбойт деп чечим чыгарып койушат.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жаман болдум кыздар эки жакты байкп жургуло
SUPER.KG видео
18.03.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу... Жакшылык корбосун бул дуйнодо, тигил дуйноодо... Аллах жазасын берсин айбандарга. Жон жургон байкуш кызды олтургон айбандар. Жан бейиште болсун... Амин. ((((((((((((((
SUPER.KG видео
18.03.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх мынча татына кыз журогун ыйлайт ата энесине аллахым сабыр берсин.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай окунучтуу, табылат деп ойлоп жаткам.. Жайы жанната болсун!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: