super.kg logo

Чүйдө жыгачтан курулган 2 кабаттуу үй толугу менен өрттөнүп, 64 адам эвакуацияланды

 

Бүгүн, 20-майда саат 01:58 чамасында Чүй районундагы Искра айылында №2-үйдө өрт кырсыгы катталды. Өрттүн кесепетинен 480 чарчы метр жыгач устундуу, шифер менен жабылган, жыгачтан курулган 2 кабаттуу үй толугу менен күйгөн.

"Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3-бөлүм, №24-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1-бөлүм жана №5-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1-бөлүм тартылып,  өрт саат 04:30да чектелген",- деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Азыркы убакта өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет. 

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 64 адам эвакуацияланып, 1929-жылы туулган К.Титникова өрттөн куткарылып калган. 3 үй-бүлө күйүп кеткен үйгө жакын жердеги №61-лицейдин имаратына, калган 13 үй-бүлө туугандарынын  үйлөрүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 






Өрттөнүүдөн 16 үй-бүлө үй-жайсыз калды

Автор: Бекжан Рыскулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.05.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
окунучтуу, жаман болуптур.
20.05.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми буларга мамлекет жардам берер бекен.
SUPER.KG видео
22.05.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul75nur, дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү. Эгер катачылык кайталанса, мага купуя менен кабарлап койсоңуз болот.
SUPER.KG видео
22.05.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла озу сактасын бодо кырсык деген ушул да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: