super.kg logo

Искра айылындагы өрттүн кесепетинен 16 үй-бүлө үй-жайсыз калды (фоторепортаж)   

 
Искра айылындагы өрттөнүп кеткен 2 кабаттуу турак үй
Бул үйдө 16 үй-бүлө жашачу.
Бул үй 1969-жылы курулган.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Өрттү өчүрүүгө түнү менен 5 унаа тартылды.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Үй жыгачтан курулгандыктан, өрттү өчүрүү кыйынга турду.
Өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочулары
Өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочулары
Учурда келтирилген чыгымды тактоо боюнча комиссия түзүлдү.
Өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочулары
Өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочулары
Өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочулары
Айрымдар колго тийген оокаттарын алганга үлгүрүп калышкан.
Өрттөнүп кеткен турак үйдүн жашоочусу Самарбек Султаниязов
Аталган райондун акиминин биринчи орун басары Садык Исагалиев

Чүй районунун Искра айылындагы өрттүн кесепетинен 16 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Учурда алардын айрымдары өрт болгон үйдүн жанындагы №61-лицейдин жатаканасынан орун алышса, айрымдары туугандарыныкына жайгаштырылды. Көпчүлүгү керектүү документтерин гана алып калууга үлгүрүшкөн. Үй оокаттары толугу менен күйүп кетти.

“1,5 жылдан бери ушул жерде жашап, тиричилик кылчу элек. Түндө кошунабыз кыйкырып, “өрт болуп жатат” деди. Ошол учурда документтерибизди гана алганга жетиштик. Калган оокаттардын баары күйүп кетти”,- деди өрттөнүп кеткен турак үйдүн жашоочусу Самарбек Султаниязов.

Ал эми аталган райондун акиминин биринчи орун басары Садык Исагалиев комиссия түзүлүп, тактоо иштери башталганын билдирди.

“Учурда келтирилген чыгым такталууда. Жабыркагандарга колдон келген жардамдар берилет”,- деди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 20-майда саат 01:58 чамасында Чүй районунун Искра айылында өрт кырсыгы катталган. Анда жыгачтан курулган 2 кабаттуу үй толугу менен күйүп кеткен. Ал жакта 16 үй-бүлө жашачу.






Өрттөнүүдөн 16 үй-бүлө үй-жайсыз калды

Автор: Бекжан Рыскулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
22.05.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul75nur, дагы бир жолу аракет кылып көрүңүзчү. Эгер катачылык кайталанса, мага купуя менен кабарлап койсоңуз болот.
SUPER.KG видео
22.05.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла озу сактасын бодо кырсык деген ушул да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: