"Төрөт үйүнөн бала уурдаган" деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратылган дарыгердин жакындары апелляциялык арыз жазышты
"Мамырканова №4-төрөт үйүнөн наристенин уурдалышына күнөөлүү эмес",- дешет жакындары. Бул тууралуу алар бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. "Анын күнөөсү сотто такталган жок. Бирок ага карабай ал 15 жылга кесилип кетти. Ымыркайлар уурдалган күнү Мамырканова төрөт үйүндө болгон эмес. Андыктан биз апелляциялык арыз жаздык. Себеби негизги күнөөлүүлөр жазасын албай калышты",- дейт жактоочу Жаныбек Нарынкулов.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Эске сала кетсек, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Макеновага 270 миң сом айып пул салынган.
15 жылга соттолгон дарыгердин жакындары соттун чечимине нааразы
Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
Inwallah88

SUPER.KG видео
03.07.2014. 18:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бар баарына бугун болбосо эрте коргозот
danok88

SUPER.KG видео
04.07.2014. 03:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчасы жок бироо соттолот
Arti

SUPER.KG видео
04.07.2014. 09:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан удивительная страна кен дейт да. Озун кайсы жакта жашап жатасын манкурт. Сот деле анын куноосу бар учун соттоп жатат да.
bopos

SUPER.KG видео
04.07.2014. 11:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо эмне эле болуп баратабыз.мыйзам катуу болгондо мындай кылмыштар да,туура эмес чечимдер да болмок эмес.элге кайрылат элем чынчыл бололу биринчи озубуздон баштайлы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.