super.kg logo

Бишкекте “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер өтүүдө (фоторепортаж)

 
Аткаминерлерди коштоп чуркоо үчүн келген медицина кызматкерлеринин саны 200дүн тегерегинде болду. Алар эртең мененки саат 8ге чогулушту.
Бул сан барган сайын артып баратты. Мэриянын кызматкерлери да катарга кошулушту.
Албетте, депутат, министрлер менен чуркоо күн сайын эле мүмкүн боло бербейт эмеспи. Медицина кызматкерлери чуркоочу учурду күтүп жатышат.
Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экономика министри Темир Сариев, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева.
Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экономика министри Темир Сариев, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева.
Иш-чараны КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев куттуктоо сөзү менен ачты.
“Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер Өкмөт үйүнүн алдынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионуна чейин чуркоо менен старт алды.
КРын Экономика министри Темир Сариев чуркоо алдында турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев: "Бүгүнкү күнү дени сак болуу модада. Анткени, биринчиден, ооруларды дарылоого адам бир топ акча каражат сарптайт. Ошондуктан ал материалдык жактан утат. Экинчиден, дени сак адам ар дайым сергек жана шайыр болот".
Жеңүүчүлөр диплом, медаль менен сыйланышат.
Жеңүүчүлөргө диплом, медаль ыйгарылды.
Армрестлинг (кол күрөш) боюнча да жарыштар өтүп жатат.
Армрестлинг (кол күрөш) боюнча да жарыштар өтүп жатат.
Армрестлинг (кол күрөш) боюнча да жарыштар өтүп жатат.
Жеңиш ээлери сыйлыктарын борбордук стадиондо алышты.
Аркан тартышка даярдоо
Аркан тартыш
Аркан тартыш
Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы мекемелердин жетекчилеринин арасындагы чуркоо мелдеши.

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер Өкмөт үйүнүн алдынан старт алып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда уланууда.

Иш-чараны КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев куттуктоо сөзү менен ачып, мелдештер боюнча маалыматка кеч ээ болгонунан спорттук кийимин албай калып, чуркоого катышпай турганын айтты. 

Старттык чуркоодо КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, КРнын Экономика министри Темир Сариев, КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева жана 300гө чукул медицина кызматкерлери чуркашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө К.Базарбаев “бүгүнкү күнү дени сак болуу модада” деп, бул сөзүн төмөнкүдөй далилдеп берди: “Анткени, биринчиден, ооруларды дарылоого адам бир топ акча каражат сарптайт. Ошондуктан ал материалдык жактан утат. Экинчиден, дени сак адам ар дайым сергек жана шайыр болот”.

Республикалык жана шаардык медициналык мекемелердин ортосундагы мелдештер 400 метрге чуркоо, аркан тартыш жана армрестлинг менен коштолууда. 






Министрлер дени сак жашоону өздөрүнөн башташты

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.07.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дени сак жашоону озундон башта деп,Оторбаевдин озу спорт кийимин албаганы кандай кызык,,,
SUPER.KG видео
04.07.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппа ххх курсактар))) Семирип кетишиптир го))) арыкташ учунг чуркаганы чыгыштыбы)))
Модератор admin_superstan түзөттү 04.07.2014 17:19
SUPER.KG видео
04.07.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hahahaaa sumkalaryn asynyp alyp churkap jurushot go...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: