super.kg logo

Дайынсыз жоголуп жаткан кыздын апасы: "Кызымды бир айдан кийин Бишкектеги сойкуканадан таптым"

 
Жоголду делип жаткан кыз табылган үй

Бир айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан кыз бүгүн Бишкектеги сойкуканадан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары бүгүн, 24-июлда билдиришти.

Окуя болгон Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине бизди "дайынсыз жоголду" делип жаткан кыздын апасы чакырды. Өз кезегинде ал өз атын атабоону туура көрүп, төмөнкүлөргө токтолду: “Менин кызымдын 5 жаштагы баласы бар, жолдошу менен ажырашып кеткен. Акыркы мезгилде иштейм деп шаарды көздөй жөнөп калган. Кийин "Бишкекте, кафеде иштеп жатам" деп жүрдү. Үйгө келгенде ар убак Айнура деген кыз кошо келет же башка бир кыз болот. Үйгө түнөтүшпөйт, "апа, биздин кафеде тынбай банкет болот, кетишибиз керек" деп кетип калышат. Баласы аябай сагынып жүрдү, анан кызым акыркы бир айдан бери дайынсыз жоголуп кетти. Же телефону иштебейт. Издебеген жер калган жок. Бир күнү муну менен кошо ээрчип барган кыздардын бирин көрүп калып, ошол аркылуу бул жакка, Бишкекке келип таап алдым. Мен киргенде эки катар эшикти бекитип, камап отурушуптур, ачышпайт. Билишимче, кызымды коркутуп алып отурушкан. Бул жакта аны Эля деп чакырышат экен. Мен кирип келгенде баары качып кетишти”.

Окуя боюнча “Элядан” сураганыбызда ал: “Диля аттуу эже кызы Ошто бала багуучуда экенин айтып, "Чогуу барып келели. Биротоло эс алып келесиң" дегенинен жаман оюм жок баргам. 

Ошто эже алып келген үйдө отуруп уктап калыптырмын, турсам "акча уурдадың, иштеп кутуласың" деп кармап, коё бербей коюшту. Ал жактан бир бала качырып, Бишкекке келип Айнура эжеге жолуктум. Бул жакта жүрсөм Айнура эже "32 миң сом уурдап алыпсың, карызсың" деп баштады. "Мен эч нерсе алган эмесмин" десем, "милицияга берем" деп коркутуп, "2 ай иштейсиң, анан каалаган жагыңа кете бер" деди. Ошондон бери үйдөгүлөр менен байланыша албай жүргөм”,- деп билдирди. Ал эми аталган кыз акыркы убакта жашап жаткан үйдүн ээлери ким экени белгисиз бойдон калды. Себеби кызын издеп келген жарандар бул үйгө кирип келишкенде 10го чукул кыз качып кетишкени белгилүү болду. 

Бул боюнча милиция кызматкерлерине кабарланып, алар окуя болгон жерге келип чоо-жайы менен таанышкан соң, жабырлануучулардан арыз алуу үчүн аларды Ленин райондук аймактык милиция бөлүмүнө алып кетишти. Өз кезегинде милиция кызматкерлери окуя боюнча азырынча кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты.






Дайынсыз жоголгон кыз сойкуканадан табылды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(56)
24.07.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
милициялар оздору шерикта ™™™
25.07.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйман берсин ар бир адамга.Эгер чын журоктон болбосо,мин айтсан дагы бекер!!!Кыргыз кыздары кайсыл жакка бара атасынар!!
24.07.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушундай жерге барып кумарын кандырган эркектер кандай эркектер экен. Аман эле болгулада кыргыз аялдары аман болгула.
24.07.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуш кыз болуптур го колунан не келет деди да
24.07.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ушуга ылайык эркертер барда,араба айдаган,каробка терген
25.07.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sarbo, араба айдаган каробка терген деп. тирилик деп жургон адамдарды антип мазактабасан.сен ошол жерде болгонсунбу араба турткон каробка тергендер барган окшойт эле сага.адамдарды мазактаба сен миллионер болсонда. л байкуштарда тирилик деп жургон адамдар. Кудай бар бир кун аларды сендей кылып сени ошолордой кылып койушу мумкун Кудай.
25.07.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
furkat80, оа арасында тирилик деп жургондору да бар,тапканын арак мн ошондойго жумшагандарда жок эмес,
24.07.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздын апасыда ачыгын айтып жибериптирго,эми айылына жайылып кетсе уят болот кудай сактасын тообо кылдым,кыз андан коро Москвага келип ак эмгеги менен пол жууп болсода акча тапса болмок экен!
24.07.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар адамдан коркпосо да Аллахтан коркушса экен. Акыретин бир аз да ойлонушканда жакшы болмок . Бул жашоон коз ирмем сыяктуу отосун кетесин. Акыретте Аллахтын катуу азабы бар .
SUPER.KG видео
24.07.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
тообо кыргыздар кайда бара жатабыз кыздарды эле куноолой бербей ошого барган эркектерди да бетин ачып тартыш керек уят кылыш керек ошондо азайат болуш керек буга окшогон алданган кыздар миндеп саналат кудай сактай кор
SUPER.KG видео
24.07.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
журналист кызды кара сойкулук менен айланышкан кызды кара журналист кызга окшоп окуп чокуп жакшы жумуштарда иштебейби татынакай кийинип ушул кыргызымдын кыздары ээхх убактылуу болбогон акчага кумар алып жургончо
24.07.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shai.. сен айткан созго кошулбайм сен кыздарга айт ошондой жерге жаткан нысап берсин кыргыздын кыздары бузулуп кеткен
SUPER.KG видео
24.07.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bul kyz aldanbai ele ozu ele uwul jumuwtu kaalagan go deim kow boiluu emesizbi dese bilbeim deit da tooba.... anan apasyna oto okuunu4tuu ar bir ene oz kyzyn yimanduu bolsun jakwy jerge tyrmywka berein baktyluu bolsun dese bul myntip...
SUPER.KG видео
24.07.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Айтылбай турган соз эле, айтылып кетти озу эле уят эле ушул кызга бул озу эле женил окаты коздоп барган если иштейим десе иш толтураго,апасына эле оло боорум ачып жатат кантсе да энеда
SUPER.KG видео
24.07.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок ушундай притондорду орттоп салыш керек.
SUPER.KG видео
24.07.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта...
24.07.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кызды атайын тузакка тушургон ошол ишке иштетиш учун байкуш кыз эмне кылсын анан камап алып иштетип жатышса.Адамдарга ынсап берсин да
SUPER.KG видео
24.07.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындары билдирип жатат,
ало саламатсызбы! Бул с.инфобу?
Оoба!
Биз жоготyп жиберген кыз сойку канадан табылды.
Мм.

SUPER.KG видео
24.07.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба дегенден башка соз да айткын келбейт.
24.07.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй емес еле турмого, кудайа тообо кылдым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: