super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 28-июлда Бишкектеги кичи маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу иш ташташып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты. Ал эми маршруттардын каттамы токтотулганына байланыштуу шаар тургундары жумуштарына бара албай аялдамаларда турушат.   

Айдоочулар майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көтөрүлүшүнө нааразы болушууда. Ошондой эле күйүүчү май кымбаттап, эмгек акталбай жатканын айтып жатышат. Шаардагы №286-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу Төлөгөн Кабылов мына буларды билдирди:

Күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу биз өз ишибизди бүгүн токтоттук. Анткени майга кеткен каражат өзүн актабай жатат. Маселен, 470 сомго май куйсак, түшкөн киреше 360 сом болуп жатат. Тескерисинче, биз үйдөн кайра акча коротуп жатабыз. Биз өкмөттөн майга болгон баанын төмөндөтүшүн талап кылабыз. Эгер талап аткарылбаса, жол кирени жогорулатууга мажбур болобуз. Андан сырткары эл аялдамадан башка жакка туруп алып маршрут тосушат, албай өтүп кеткенге да болбойт, токтосоң МАИ кызматкерлери 500 сомдон айып салып жатышат. Бул нерсеге да чара көрүү талабын коёбуз”.

Ал эми жүргүнчүлөр бул маселени өкмөт эки тараптуу кылып чечүү керектигин айтышууда. Шаар тургуну Майрамгүл Карыбекова маршруткалар жол кирени жогорулатса, өкмөт айлык акыларды да көтөрүш керек деген пикирин билдирди.

Мен жумушка башкалар сыяктуу эле маршруттук такси менен барам. Эгерде айдоочулар “май кымбаттады” деп жол акысын 12 же 15 сом кылса, биз да өкмөттөн айлыкты эки эсе жогорулатууну талап кылабыз. Ошон үчүн өкмөт эки тарапка тең маселе жаралбашы үчүн Казакстан, Орусия менен жакшылап сүйлөшүп бул маселени чечиши керек. Айлык көтөрүлбөй туруп эле жол акы кымбаттап кетсе, карапайым элдин жашоосу кандай болот? Анан, албетте, базардагы азык-түлүктүн баасы да эки эселеп өсөт”,- дейт Карыбекова.

Учурда шаардагы кичи маршруттар токтотулганы менен, өкмөт карамагындагы автобустар өз иштерин улантышууда. 

Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00дөн кийин 12 сомдон төлөшөт. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн 8 сомдон төлөнөт.  

 






Жол кире 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: