super.kg logo

Бишкекте мээрман айымды жана анын 6 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип 32 жаштагы адам кармалды

 

Бишкекте жаш кызды жана анын апасын зөөкүрлүк менен өлтүргөн деген шек менен 1981-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда туулган И.С. аттуу жаран кармалды. Маалыматтар боюнча, окуя төмөнкүдөй болгон: Кылмышка шектүү курмандыгы менен бир нече ай мурун интернет аркылуу таанышып, мамиле түзүп жүргөн. 25-январь күнү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектүү жаран аялды, анын 6 жашар кызын сабап таштаган. Аялды сабап, кызды муунтуп өлтүргөнү айтылууда. Окуя боюнча ушул эле күнү саат 01:30 чамасында милицияга Бишкек шаарындагы бир үйдүн өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр аталган дарекке барып, 1-кабатта жайгашкан үйдүн ичинен 1978-жылы туулган Р.Н. жана анын кызы 2006-жылы туулган Р.Мнын жансыз денесин табышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө үй атайылап өрттөлгөнү белгилүү болду. Көп узабай ИИМдин Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү колго түштү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирет Бишкек ШИИБи.   


кошулду





Эне-баланын жаны кыйылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
30.01.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ АЛЛАХЫМ озун сакта не деген шумдукту журоктун ушун алган.Ошондуктан интернет аркылуу таанышып жолуккандан алыс эле болуу керек, экрандын ары жагында ким отурарын билесин, балким маняк, балким машенник, уурудур тооба кылдым. Мындай жамандыкты душманыма да каалабайм. АСТАГФРУАЛЛАХ..
SUPER.KG видео
31.01.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай мыкаачы канкорлорду турмоодо чиритиш керек.
SUPER.KG видео
31.01.2013. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас просто ужас
SUPER.KG видео
01.02.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактанганды Кудайым сактайм дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: