super.kg logo

"Жеңил унааларды алып келүүдөгү салыктык нарктын эски тарифи февраль айына чейин узартылбаса, митинг токтобойт" дейт Нурбек Турсунбаев

 

"Чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келүүдөгү салыктык нарктын эски тарифи февраль айына чейин узартылбаса, митинг токтобойт". Мындай пикирин бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Унаа ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев билдирди.

Салыктык нарктын жаңы тарифинин мөөнөтүн февраль айына чейин узартуу керек. Ошондо гана жүздөгөн ишкердин моюнуна илинген көйгөйлөр жарым-жартылай чечилет. Сентябрь айында өкмөт тарабынан кабыл алынган токтом бизге каршы иштөөдө. Бул биздин чөнтөккө ири суммадагы карыздарды алып келип жатат. Эгерде өкмөт кабыл алынган токтомдун мөөнөтүн узартып бербесе, биз ал токтомду такыр алып салууну талап кылып митингдерди уланта беребиз”,- дейт Н.Турсунбаев.  

Анын айтымында, азыркы тапта унаа ташыгандардын ар биринин моюнуна кем дегенде 4, эң көбү 60 унаанын салыктык наркы илинди. Эгер аны эсептей келсек, анын суммасы 24 миң доллардан 360 миң долларга чейин чыгып кетет. Ал эми мындай эсептегенде, чет жактан алынып келген баасы 5 миң долларлык унаага 6 миң салыктык нарк кошулуп, анын баасы 11 миң долларга чыгууда. 






Унаа ташуучулар митингге чыгышты

Автор: Мальвина Уметбекова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
23.01.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушулар эле калды эле чыкпаган.
23.01.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Закон эмне оюнчук бекен?Алдын ала эскертилип,ММКлар жазып жатышпады беле кымбаттайт деп.Кыргызчылык кылып,арзан кезинде алып келип,кымбат сатайлы дешкен да.
23.01.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
женил унааларды алып келуудогу салык наркы жогорулайт дегенине канча болду?! алдын алыш керек эле да озулору...деги эле догурунгандар кобойду....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: