Нурдан Орунтаев видеого түшүндүрмө берди
Курулуш министри Нурдан Орунтаев соцтармактарга тараган видео боюнча билдирүү жасады. Ал окуя кечээ, 14-сентябрда “Ынтымак Ордонун” алдында болгонун тастыктады."Мен ошол күнү административдик жыйынга бара жаткан учурда бир нече жарандар өздөрүнүн маселелери менен кайрылышты. Мен токтоп, алардын кайрылууларын угуп, маселелерин тактап, тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр экенимди билдирдим. Ошол учурда жарандардын бири мени маркум апасын сөккөн деп айыптады. Мен ошол жерден мындай окуя болбогонун айтып, мени башка адам менен алмаштырып жатканын түшүндүрдүм.
Менин апам да бул дүйнөдө жок. Ошондуктан энелердин орду, алардын кадыры жана ар бир эне тууралуу сөз мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мен апаларга ар дайым сый-урмат менен мамиле кылып келем жана ар дайым ошондой мамиледемин. Белгилей кетчү нерсе, буга чейин кат аркылуу кайрылган чыгар, бирок аталган жаран менен ошол жерде биринчи жолу жолугуп жатабыз.
Мен жарандардын кайрылууларын угууга жана көтөргөн маселелерин мыйзам чегинде чечүүгө ар дайым даярмын. Бул - кызматтык милдетим гана эмес, адамдардын көйгөйүнө көңүл бурууну өзүмдүн жоопкерчилигим деп эсептейм.
Коомчулукка тараган маалымат ар дайым окуянын толук картинасын бере бербейт. Ошондуктан ар бир жагдайды тактап туруп баалоо туура. Мен өз позициямды ачык айтууга жана жарандар менен түз диалог жүргүзүүгө дайыма даярмын",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















