|
Өмүр деген кыпкызыл гүл жайнаган,
Өмүр деген булбул бакта сайраган.
Өмүр барда өкүнбөстөн, ойноп-күл,
Өмүр өтсө, жаратылбайт кайрадан.
Оо, өмүр сен чалкып жаткан гүлдөйсүң,
Бирде өмүр салкын соккон желдейсиң.
Каалаганча пайдалана бергидей,
Же өмүр сен колдо буюм, колдо буюм эмессиң.
Жашчылыгым, кайда калып баратат?
Өмүр өтсө, ак чач кылып жаратат.
Арт жагымдан ак жоолугун булгалап,
Алыс калдың айланайын, айланайын бала чак.
Сөзү : С. Жигитовдуку
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем,
Угуп жатып теректер шуулдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Тун караңгы, күн да караңгы,
Бизди ээрчиген ай да караңгы.
Бирге жүргөн бактылуу күндөр,
Тынчымды алып козгойт санаамды.
Кайырма:
Ыйлай ыйлай калдың сен дагы,
Ыйлай ыйлай калдым мен даагы.
Буйурбаса айла жок экен,
Ичте калды сүйүү арманы.
Жалгыз дарак бирге жөлөнчү,
Жалгыз турам ага жөлөнүп.
Жылдыз тарап, таң сүрүлсө да,
Кетким келбей турам көгөрүп.
Кайырма:
Ыйлай ыйлай калдың сен дагы,
Ыйлай ыйлай калдым мен даагы.
Буйурбаса айла жок экен,
Ичте калды сүйүү арманы.
Буй-буй буй-буй буй-буй...
Сөзү : М.Алыбаевдики
Обону : М.Алыбаевдики
Эске келет өткөн күндөр күлүңдөгөн,
Мойтоңдошуп, кучакташып бирге жүргөн.
Кызыл көйнөк жарашып келбетиңе,
Эң биринчи чүрөк элең чүрөктөрдөн.
Кайырма:
Ак бантик тагып чачыңа,
Осмону коюп кашыңа.
Жөнөйсүн мектепке чоң жол менен,
Келе жатам жашынып артыңда.
Кандай бир сонун бала күндөр,
Жаңырып күндө шаңдуу үндөр.
Сезимди козгогон ал күндөрдө,
Өтүптүр эң биринчи сүйүүлөр.
Мен сен үчүн секирип аккан суудан,
Мен сен үчүн балдарды далай ургам.
А, сен болсо, карабай басып кеттиң,
Сүйөмүн деп бир баланы башка айылдан.
Кайырма:
Сөзү : К.Култегиндики
Обону : И.Аманбаевдики
Бабалардын батасы –
Бак-таалайдын атасы.
Өткөн күндү унутуу –
Келечектин жазасы.
Жер үстүндө баарынын,
Жер астында тамырың.
Суроо берип топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Чыгарба деп жатпасын ал,
Жети атаңды эсиңен.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Кетирбе дейт энеңдин ал,
Жети нанын эсиңден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?..
Аккан дайра кайрылбайт,
Аны ээрчип сай жылбайт.
Эне тилдин өзүнүн,
Эңшерилткен сан жылды айт.
Энем дешип зайыбын,
Эчендин бар айыбы.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунап күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Эл эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Төрөлө элек урпактар,
Кандай ырктуу бул чакта.
Эл менен эл жоолашмай,
Эс-акылга тунсак да.
Айдаса ар ким кайыгын,
Толкутат суунун жайыгын.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Теңир өзү келсе да,
Тең бөлүнбөс экиден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жаратканым келсе да,
Бөлүнбөс тең экиден.
Калайык-калк, эл-журтум,
Бөлүнбөйлү биз экиден.
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денеде,
Сезимди бийлеп келесиң.
Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
Сөзү : А.Рыскуловдуку
Обону : К.Орозовдуку
Бул насыйкат, бул насыйкат,
Бул насыйкат мага калган.
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан, ээ-эй.
Ай кашканы азанатып,
Ат жалына казан асып.
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй.
Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен,
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат.
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен,
Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда,
Моюндаш өскөн улак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен?
Эй, аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдө жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен,
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба.
Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен.
Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө демек,
Турбачы, ак марал,
Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен.
Ээ-эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби,
Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап.
Марал кубулуп,
Кайып болуп кет эми.
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат.
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат.
Жанып өтөбү, жебе жетеби,
Билик бүлбүлдөп,
Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап.
Жетсең жебе, жет эми!
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат.
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан:
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө.
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Карыбайт элдик ырлар,
Талыбайт элдик үмүт.
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң,
Аппак марал неге күлүңдөдүң?..
Кызганамын өзүнчө,
Сүйүп калган өңдүү негедир эле.
Карашса үмүттүү,
Жылмайышып баары жалгыз сизге эле.
Курбу кыздар кызыгышып,
Кебетиңизге, келбетиңизге...
Кайырма
Ах, байке, эгер сизден,
Уялбастан барсам алдыңызга ийиле.
Кол сунуп, чакырсам, келесизби бийге?
Келесизби бийге?
Келиңизчи, байке!
Жолдошуңуз жанаша,
Ачуу сырын салып, карайт го бизди.
Көзүмдөн сезсе деп,
Карап, күтө берем келишиңизди.
Жаным берип сүйбөсөм да,
Жактырдым сизди, жактырдым сизди.
Кайырма:
Жүрөгүмдөн орун алып өзүң гана,
Көпкө жүрдүк ак сүйүүгө азгырыла.
Мына эми турмуш куруу кез келгенде,
Кете бердиң аны менен азгырыла.
Кайырма:
Сүйөм дедиң, сүйөм дедиң, сүйө албадың,
Күтөм дедиң, күтөм дедиң, күтө албадың.
Өмүр бою мени менен боломун деп.
Ал сөзүңө сен эмне үчүн тура албадың?
Сен жүрсөң да аны менен бакылуу,
Кала бердим мен күйүнүп кайгылуу.
Бирок барбайм мен артыңдан сагынып,
Келчи, келчи сен мага деп жалынып.
Кайырма:
Өттү күндөр, өттү айлар арадан,
Сени көрдүм капалуудай карасам.
Адашыпсың көрсө сен бул турмуштан,
Таштап сени кете берди ал адам.
Кайырма:
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыман шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күнүм кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагындырып, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырлардай эскирербиз,
Тунгуч сүйүү унутулбай.
Бир гана тамчысындай булагымдын,
Бир гана шыңгырындай жылаажындын.
Сагындым мөлтүрөгөн махабатты,
Сагындым жылмайганын ынагымдын.
Бир гана уучтамындай турпагымдын,
Бир гана жыттамындай гүлзарымдын.
Сагындым асыл заттын жан турпатын,
Сагындым, сагынычка мен багындым.
Сагынуу карегимди жарып кетти,
Сагынуу бүт уйкумду алып кетти.
Сагынуу сар жоргосун токуп берип,
Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.
Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт.
Сөзү : К.Көкүловдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Төгүлөт жамгыр, жамгыр көчөдө жаз,
Негедир мен жамгырды жакшы көрөм.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас,
Негедир сени эстесем жашый берем.
Кайырма:
Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас.,
Негедир сени эстесем жашый берем.
Негедир сени эстесем жашай берем,
Өрүктөр түгөл гүлүн ачкан кезде.
Озүмчө өткөндү эстеп убайым жейм,
Абасы жаз жыттанган таңда, кечте.
Кайырма:
Жазымдай жакшы көргөн жароокерим,
Алыста, азыр сезбейт жаздын демин.
Буулугам тар бөлмөдө сыртты карап,
А сыртта жыйырманчы жазым менин.
Кайырма:
Сөзү : Кубаныч Нуркамиль уулу
Обону : Кубаныч Нуркамиль уулу
Жыл мезгилдерден жазды сүйөмүн,
Жазындасын сүйүү келет.
Сүйүүмдү дале күтүп жүрөмүн,
Махабатым качан келет?
Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан...
Кайырма:
Жаз, суранамын, эч кетпечи,
Кайда барсаң, ээрчип барам,
Сүйүү булагы – жаз.
Таарынтпачы, ансыз деле,
Күзүндөсүн жалгыз калам,
Сүйүү булагы – жаз.
Канча жолу күтөм сүйүү жазын,
Эмнегедир эч келбеди.
Канча адамга жаз сүйүү берип,
Эмне мага эч бербеди.
Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан...
Кайырма:
Сөзү : Н.Байтемировдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Бүркөк асман жарк дегенсипчагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр жаралгансып канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге отурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшашчу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым го жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жүрөм азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
Сөзү : Кубаныч Нуркамиль уулунуку
Обону : Кубаныч Нуркамиль уулунуку
Кош болгун махабатым,
Тагдырга мен багындым.
Экөөбүзду айрылткан,
Тагдырга мен таарындым.
Ыйлабачы, сүйгөнүм,
Суранамын, ыйлаба!
Жаштарыңды төгүлтүп,
Жүрөгүмдү кыйнаба.
Кайырма:
Терезеден, терезеден карайм түндү,
Көздөрүмдөн жаш төгүлдү.
Жүрөгүмө, жүрөгүмө бек кысамын,
Колумдагы сүрөтүңдү.
Өзгөрбөйсүң сен мага,
Канча мезгил өтсө да.
Жалгыз сени сүйөмүн,
Тагдыр бизди бөлсө да.
Кош болгун махабатым,
Мен сени унутпаймын.
Атыңды тумар кылып,
Жүрөгүмө сактаймын.
Кайырма:
|