|
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?
Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?
Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым.
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу,
Түшүмдө гүл төшөгөн.
Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.
Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.
Кайырма:
Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.
Кайырма:
Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың сен жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың сен чанбаган.
Кайырма:
Бүгүн сенин туулган күнүң,
Жарык дүйнөгө келдиң сен бүгүн.
Ата-энең эңсеп жүрүп,
Кубанычка бөлөнгөн бүгүн.
Келип достор сен үчүн бүгүн,
Каалоо айтып кетчү күн.
Кайырма:
Кана, достор, көңүл ачалы,
Белек берип, каалоо айталы.
Бул жашоодо узак өмүр сүр,
Сен ар дайым ден соолукта жүр.
Ата-эне ак сүтүн акта,
Досторуңдан сен алыстаба.
Туулуп өскөн өз мекениңди,
Таза суудай сен таза сакта.
Сүйүүдө ар дайым ак болгун,
Өз элиңдин намысын сакта.
Кайырма:
Бүгүн сенин туулган күнүң,
Жарык дүйнөгө келдиң сен бүгүн.
Куттуу болсун туулган күнүң!
Перизат, сен келесиң зарылганда,
Кең дүйнөм бир өзүңдөн тарыганда.
Өмүрдө көксөөм канбай издеп жүрөм,
Өкүнөм бир өзүңдөн жаңылганга.
Сен мени неге бийлеп алдың экен?
Кабылып тагдырыма калдың экен?
Сен менин өмүрүмдүн аздыгына,
Өчпөгөн жылдыз болуп калдың экен?..
Суктанам сенин күлгүн жаш чагыңа,
Суктанам турпатыңа, басканыңа.
Аттиң, ай, бүркүт болуп сызгым келет,
Кайрадан жаштыгымдын асманына.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм кайдан табылгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?
Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
Сөзү : К. Тураповдуку
Обону : К. Тураповдуку
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?
Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.
Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Сабылып көөнүм суз болуп,
Санаага калсам туш болуп.
Заматта сага жетсем дейм,
Закымдап учкан куш болуп.
Таалайым ташкан чагымда,
Таңшыса булбул багымда.
Сезүүгө бирге жыргалды да,
Сен болсоң деймин жанымда.
Аппак кар баскан жер үстүн,
Аязда келет көрүшкүм.
Өчөшкөн сага бороонду да,
Өзүңдөн келет бөлүшкүм.
Жаралган өңдүү саймадан,
Жакшы гүл көрсөм таң калам.
Күлүң көз, бирге көрсөк дейм да,
Гүлдөрдү ушул жайнаган.
Сыртыңдан минтип эрисем,
Сыр билгим келет эмитен.
От болуп күйүп мен жүрсөм да,
Ойлодуң бекен мени сен?..
Сөзү : Илгиз Гилязетдиновдуку
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү?
Өрттөндүм, аргам түгөндү.
Ашыктык гүлү ачылсын,
Жүрөккө сепчи үрөндү.
Өкүнүп улам тездеши,
Өмүр ал учкул кез дечи.
Жазыксыз сүйүп калганга,
Касыңдай мени эзбечи.
Адамда ар сыр, кыял бар,
Айталбайт аны уяңдар.
Өчпөгөн көңүл чолпону,
Өзүңө мендей улан зар.
Дартыңды ачуу далалат,
Даба тап, сүйүүм аманат.
Суу бүркүп үмүт отуна,
Жүрөктү кетпе жаралап.
Сөзү : Т.Касымалиевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Ой, бото көз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан.
Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан.
Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө,
Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө.
Карабадың арт жагыңа кылчайып,
Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө.
Көргөн сайын короосунан үйүмдүн,
Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн.
Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып,
Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
Сөзү : М.Алиевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту турса көзүңдө,
Сүйүнүч турса сөзүңдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.
Сырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Диплом алдың, сөз бердиң,
Алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн кезинде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.
Көл уктап дайым жаткансыйт,
Түш көрүп күндө бактылуу.
Назданып кирпик каккансыйт,
Наристе таңда, наристе таңда,
Наристе таңда жаш сулуу.
Бийлетип жаздын жамгырын,
Керемет укмуш үн угулат.
Кулпунтуп кийип ай нурун,
Кучактайт тартып койнуна.
Көңүлдү дайым эргиткен,
Түңгөнбөс, өчпөс кумарым.
Санаадан алып сергиткен,
Сары-Челек арзып турарым.
Он сегиз жаш жалындаган убагың,
Ойноп-күлчү, жыргал толгон курагың.
Оттой жанып келечекке умтулуп,
Оргуштаган жүрөк толо сырларым.
Он сегиз жаш, баштап аккан булагың,
Окшоп келет назик гүлгө кыялың.
Оңотуп кездин бир көз ирмемин,
Оролгонсуйт сулуулукка чырайың.
Ак тилектен аттап тумуш кадамын,
Айдай кылып түгөйүңдү тандадың.
Алыс жолдо жетелешип бирге басып,
Ак пейилдүү болсун алган ардагың.
Аба салкын, түн ортосу, Ай жарык,
Көпкө жүрдүк, бак аралап айланып.
Бир убакта мындай сунуш киргиздиң:
"Болдучу эми, түн ортосу кайталык".
Кучактадым, мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдөн жыттадым.
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сунуп коштошууга окшодуң.
“Эсен тур” деп оң колумдан бек кысып,
Ич жылытып, жүрөгүмдү козгодуң.
Жаныңда жүрдүм го, төгүнбү?
Жалдырап турдум го өкүнүп.
Жалжылдап табыңа эригем, ай,
Билбедиң жүрөгүмдөгүнү.
Унутпайм өкүнүп төгүнү,
Өрттөдүң жаштыкка теңиби?
Кызганып албадым көзүңдөн, ай,
Сезбедиң көңүлүм төгүлүп.
Ийменип, жалтанып көзүңдөн,
Кучагың самадым ичимден.
Кылыйып жаныңдан ыктагам, ай,
Неге сен сүйбөдүң жүзүмдөн?
Колумду кармайт деп кынагам,
Калп эле саатыңды сурагам.
Мен үчүн кыйын го түз айтуу, ай,
Сүйөмүн, өзүңдөн уялам.
|