|
Бозоргон тоонун этеги,
Бозоруп туман кетеби?
Бото көз анда, мен мында, ой,
Боздосом үнүм, зарлансам үнүм,
Муңкансам үнүм жетеби?
Карарган тоонун этеги,
Карарып туман кетеби?
Кара көз анда, мен мында, ой,
Какшасам үнүм, кайгырсам үнүм,
Кыйкырсам үнүм жетеби?
Көл боюнда четинсиң,
Көркөмдүү жигит экенсиң.
Көркөмдүү бойдон жүрө бер, ой,
Көз кызсам келбейт, ымдасам келбейт,
Ырдасам келбейт экенсиң.
Сөзү : Д.Туралиевдики
Обону : А.Кадыровдуку
Жашоонун сенсиң кызыгы,
Гүлүмдүн сенсиң кызыгы.
Эч качан бойдон тарабайт,
Сүйүүмдүн сенсиң ысыгы.
Эскерип жүрсөң кубатым,
Сен менен жүрсөм кубанчым.
Сүрөлү өмүр узакка да,
Сүйүүнүн көрүп ызаатын.
Сен менин жашоо-таалайым,
Сен менин болдуң маанайым.
Саламат болуп көп жаша,
Садага кетип калайын.
Дем берсин сага Кудайым,
Бактылуу болгун ылайым.
Барганда сексен-токсонго да,
Балдардын көргүн убайын.
Жактырган жоксуң бир бассам,
Жан кыйнап жүргөн сырды ачсам.
Акырын артка чегиндим да,
Жолуңа тоскоол кылбастан.
Жандырып мени жамалың,
Акмалай илкип барамын.
Алыстай түшкөн кезиңде,
Кылчактап неге карадың.
Чачыңды сууга тарадың,
Тунугун суунун санадың.
Кыпкызыл гүлдү булгалап,
Кылчактап неге карадың.
Үзүлүп такыр карааның,
Билбеймин нени самадым.
Үйүңө жетип алсаң да,
Кылчактап артың карадың.
Чачыңды сууга тарагын,
Жүрөктүн дартын аягын.
Жолотпой койсоң мейличи да,
Кылчактап кээде карагын.
Сагынамын, мен сени сагынамын,
Сагынганда айылына жүз барамын
Ойлойсуңбу, сен мени ойлойсуңбу?
Ойлогондо кусадар болбойсуңбу?
Кызгалдагым, мен сени кызганамын,
Кызганганда жаңгактай чагыламын.
Жүрөсүң сен ал менен, бул менен, мен менен да,
Махабаттын, ах, чиркин, бузуп жанын.
Чакырыпсың тоюңа, бара албаймын,
Барсам дагы мен сендик боло албаймын.
Каалоо айтып, мен сени кубантпаймын,
Тилек айтып, мен сени ыйлатпаймын.
Барсам дагы мен сендик боло албаймын,
Барсам дагы өзүңдүк боло албаймын.
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Кабылып жаштык сүйүүнүн майрамына,
Таңыркап таңдын тазарып атканына.
Күбөсү болгон сезимдин бүгүн мына,
Арманга толуп, алсырап калганына.
Кайырма:
Күнөөлөй албайм мен сени арманыма,
Күнөөлүү эмес тардырдын жазганы да.
Күнөөлүү ошол күндөрдүн,
Күнөөлүү ошол түндөрдүн,
Кадырын-баркын билбеген өзүм гана.
Магдырап кыялдын күлүк тулпарына,
Малындык бакыттын түркүн сыясына.
Саймалуу ошол күндөрдүн бүгүн мына,
Санаага толуп, саргайып калганына.
Кайырма:
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткениңди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.
Кайырма:
Жаштыгымды жалпы сага арнайын,
Тагдырымды издеп талбайын.
Таң аттырып сени сүйгөн жүрөккө,
Тагдырымдын колун кармайын.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Сөзү : Нурпайыс Жаркынбаевдики
Обону : Кадырбек Кадыралиевдики
Таарынткам, эми кайра кечир баарын,
Кетирген кемчиликти кечир дагы.
Эркелеп, эркелечи улутунбай,
Эркимде болчу дайым мурункуңдай.
Эзилип биз өткөргөн айлуу түндөр,
Жүрөктү эзип бүттү унутулбай.
Кайрадан көчөсүндө махабаттын,
Экөөбүз бир басалы, жыргал бактым.
Кайрадан сырдуу түндөр өткөрөлү,
Кайрадан сүйүү отунда өрттөнөлү.
Кечирчи, менин күнүм болчу кайра,
Назданчы, кучагыма толчу кайра.
Сөзү : Байдылда Сарногоевдики
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Бал болсоң бачым татайын,
Башымды сага катайын.
Махабат ташып жүрөктөн,
Бактылуу болуп жашайын.
Гүл болсоң күндө жыттайын,
Күлкүңдөн башка укпайын.
Жайды жайлап, айды айлап,
Жаныңдан алыс чыкпайын.
Сен менен өмүр бир өтсүн,
Сен мага сүйүү мүрөксүң.
Кай жерде жүрсөк бир каксын,
Кагышы эки жүрөктүн.
|