|
|
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эрнест Жоошевдики
Сезим кайгысы мени кыйнады,
Сүйөм дей албай жүрөк ыйлады.
Намыс деп жүрүп айта албадым,
Көзүмдөн билип, өзүң туйбадың.
Кайырма:
Махабат башатын мен өзүм баштайын,
Намыс деп уялган оюмдан кайтайын.
Сүйүүмө жете албай армандуу өткүчө,
Арзуумду сезбесең сүйөм деп айтайын.
Жигит сүйүүсү сезимтал болбойт,
Арзуу айтканды тамаша ойлойт.
Тартынып жүрүп канча селкилер,
Сүйүүгө жетпей, бакытка тойбойт.
Махабат мыйзамы жөнөкөй болсочу,
Сүйүүсүн тартынбай билдирип койсочу.
Кайырма:
Бакытка кимдер гана ишенишпейт,
Бактылуулар сүйгөнү менен бирге жүрүшөт.
А бирок мага окшогон бактысыздар,
Өмүрүн кайгы менен өткөрүшөт.
Аз калды таңдын жаңы атарына,
Үмүтүм дале бакыт сапарында.
А бирок кайрадан бир айткым келди,
Жок белем бактылуулар катарында?
Сүйгөнүм, келчи мага, келчи кайра.
Баягы балбылдаган көздөрүң кайда?
Эгерде сени менен бир болбосом,
Жашоонун не кызыгы анда мага?
Сөзү : У.Ажыбаевдики
Обону : А.Бөдөшевдики
Өткөн өмүр өкүнтөт, пайда барбы,
Өкүнгөндө же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шаң менен таңды атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш, кайда калды?
Кайда калды?
Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, ыр менен күн батырган,
Жалын жаш, ай, жалын жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш,
Кайда калды, кайда калды?
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айлам жок, аргам да жок,
Кош бол, менин жаштыгым,
Кош бол, менин жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Сен мектептен тараганда сабагың бүтүп,
Жүрчү элем дайыма өзүңдү күтүп.
Окуучу кыз, түшүнчү менин абалым,
Суйүүм ыргы айланды, алтыным, сүйөм деп жүрүп.
Кайырма:
Окуучу, окуучу, окуучу кыз,
Ойлоп сени жүрөк суз.
Макул дечи, жок дебей,
Бир болсунчу сырыбыз.
Жараладың жүрөктү, койчу сулуу кыз.
Ырым сага арнайын, кабыл алчы сен,
Ырыскымсың, таалайым журөк эзилген.
Айта албадым сүйүүмдү жүзүңдү карап,
Бирок сүйүүм ырымда, угуп көр, мен ырдап берем.
Кайырма:
Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлду,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учат дирилдей,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.
Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Ардактап ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
Кабарыңды, жаным, такыр укпадым,
Элесиңден эч айланып чыкпадым.
Күндүз эмес, түн уйкумду төрт бөлүп,
Бир өзүңдү түштө көрүп уктадым.
Эстей берем, кагылайын, каралдым,
Чар тарапка бөлүп койду санаамды.
Өзүң үчүн куса болуп оорудум,
Айыктырсаң жүрөктөгү жарамды.
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Омүрбек Андарбеков
Сөзү : Бегиштики
Обону : Бегиштики
Сөзү : Каныкей Алымбекованыкы
Обону : Каныкей Алымбекованыкы
Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн.
Айтайын деп дарманың жок айтышка,
Башты салып кайра артка барышка.
Биздин баштан нелер гана өтпөгөн,
Сезимдерге нелер гана чөкпөгөн.
"Жылуу кийин! Жолдор узак!"- дешчү эле,
Кыйын күндө апаң жапкан нанды эсте!
Кайырма:
Сен кайгырба "көңүл калды" деп,
"Өмүр жарды" деп, садага.
Сага арналган ар бир күнүңдү теңебегин санаага!
Кантсе да жашоо - белек!
Таарынбагын, тагдыр өзү тараза,
Таарынганда айтчы, жаным, не пайда?
Бул күн өтүп, нечен күндөр таң атар,
Өзүңдү өзүң кечире бил, садагам!
Кайырма:
Сөзү : Сапар Айбашовдуку
Обону : Сапар Айбашовдуку
Всё начиналось так не торопливо,
Мне без тебя было так тоскливо.
Все мысли о тебе ночи на пролёт,
Я напевал мотив любви из не сложных нот.
Только с тобою было так легко,
И мысли уносили нас так далеко.
Забывая о проблемах в этой суете,
Мне так приятно было быть с тобой наедине.
И этот ломанный ритм и пронзающий бас,
Помнишь эти звуки всегда окружали нас?
Дома, на учёбе, в ночных клубах и в авто,
Все треки в плэйлист с пометками "горячо",
Всех удивляли наш, стиль наш эпатаж,
Посмотри, теперь весь этот город наш.
А мне с тобой всё-также хорошо,
Ты овладела моим сердцем и моей душой.
Это в глубине моей души,
Я ей должен свою жизнь.
От захода солнца до зари,
Музыкальный Экстази.
Время меняется, ты изменилась тоже,
Но до сих пор мурашки по коже.
Сцена, толпа, лишь эти мгновения,
Грохот повсюду, звук сердцебиения.
Ритмы, биты, учащенный пульс,
Мелодии на любой изощрённый вкус.
Мы делаем так, чтоб всех вставляло,
Чтобы в фейсбуке всегда качали.
Прочувствуй всеми частями тела,
Не стесняй движения, действуй смело.
Музыка, ты дала нам этот шанс,
Мы взываем каждый день как в последний раз.
Ты создана для любви,
С тобою легко так творить.
Теплотой твоей греться,
Музыка моей души,
И дверь отвори, и раскрой своё сердце
Да, мы меняем стиль,
Но не меняем свой фолл.
И пусть раньше был штиль,
Но теперь будет шторм.
Приготовьтесь качать с нами,
Вместе под эти ритмы.
Мы не будем скучать,
Будем взрывать как метеориты.
Ты создана для любви,
С тобою легко так творить.
Теплотой твоей греться,
Музыка моей души,
И дверь отвори, и раскрой своё сердце...
Сөзү : Э.Балтагуловдуку
Обону : Э.Балтагуловдуку
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
|