|
|
Сөзү : Капар Момуналиевдики
Обону : Жоодарбешимдики
Байке деген, эркелеген, татына сүйкүм элең,
Жүрөгүмдү элжиреткен, жакшына күлкүң менен.
Мезгил шашып, жыл алмашып, бой жеттиң карындашым,
Түгөйүңдүн бактына, жар болгун мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Келин болдуң, барып кондуң, ак сүйүүңдүн багына,
Өзүң улап, турмуш жолун, ак жолугуң салына.
Бактылуу бол карындашым, көздөн жашың тамбасын,
Жашооңорго, Жаратканым, жакшылыгын арнасын.
Кубат бере, ата-энеңе, нур сымал жаркырадың.
Эми жеттиң, эрезеге, гүл кыял шам чырагым.
Кубанып да, муңайып да толкуп турат көңүлдөр.
Ушул ирмем, канат кагып, уядан талпынасың.
Жаш кезимде жан эргиткен айылыма,
Суктанамын ушунчалык мен дайыма.
Тунук, сулуу булактарын ойлогондо,
Тургум келет түбөлүккө мен жанында.
Кайырма:
Айылым, айылым, айылыма баргым келди,
Арча жыттуу абасынан таткым келди.
Айылым, айылым, айылыма баргым келди,
Атыр жыттуу гүлдөрүнөн таткым келди.
Жаз мезгили жаштар чыгат ошол тоого,
Жылына бир жаз айланып күн болгондо.
Мен ойлосом чыдай албай ошол күндү,
Айылымды эстеп мен да жөнөйм жаз болгондо.
Кайырма:
Сөзү : Ильяс Кудретовдуку
Обону : Улан Атанбаевдики
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Өзгөн жакка бир келип кет дедиң сулуу?
Өзгө эмессиз өзүм күтөм дедиң сулуу.
Өзгөн жакка бир келип кет дедиң сулуу?
Өзгө эмессиз өзүм күтөм дедиң сулуу.
Кайырма:
Өзгөндүк кыз, өзгөчөсүз,
Өзгөндүк кыз жүрөгүмдү өрттөдүңүз.
Өзгөндүк кыз, өзгөчөсүз,
Өзгөндүк кыз жүрөгүмдү өрттөдүңүз.
Майда, майда, майда өрүлгөн чачтарыңдан,
Чие тартып, осмо койгон каштарыңдан.
Майда, майда, майда өрүлгөн чачтарыңдан,
Чие тартып, осмо койгон каштарыңдан.
Кайырма:
Өзгөн күрүч ашын демдеп келем дедиң,
Өзгөн суусу, көк чайынан коё келгин.
Өзгөн күрүч ашын демдеп келем дедиң,
Өзгөн суусу, көк чайынан коё келгин.
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Келдим мен Ош тарапка,
Жар издеп өзүмө.
Ылайыктуу кыздар жок,
Көрүнбөйт көзүмө.
Бирөө айтты бир жерде,
Бир сулуу бар деди.
Издесемби мен анын,
Ишенип сөзүнө.
Кайырма:
Жашап өскөн жери анын,
Жапалак, Жапалак.
Жакшы көргөн тамагы,
Шакарап, шакарап.
Андай сулуу жок экен,
Жерде да, айда да.
Издеп аны тапкандыкты,
Тапалак, тапалак.
Жапалак, Жапалак.
Бардым сулуу кыз издеп,
Ноокатка, Алайга.
Кызыл-Кыя, Баткенге,
Кара-Сууга, Сабайга.
Элдер айтты бирөө бар,
Жапалакка бар деди.
Туруп калдым эки анжы,
Ойлонуп далайга.
Кайырма:
Турмуш үйгө тың экен,
Тириликке шыр экен.
Көзү толгон сыр экен,
Дилинде ыр экен
Күндүз ага иш экен
Кечкичн бош экен
Бишкегиңе барбайм дейт,
Сүйгөн шаары Ош экен
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : Б.Жандаровдуку
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Кечкурун иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.
Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр балынан.
Колумдан кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.
Сагынам, жаным, сагынам,
Алыссың кантем жанымдан?
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Алишер Мамадалиевдики
|