|
|
Сөзү : К. Качкынбаеваныкы
Обону : Мирбек Атабеков, Омардыкы
Сен барда болбойт кайгы тушаган,
Канат байлап уча алам,
Кайрайт мени бүт аалам.
Мен кайда барсам өзүң оюмда,
Сүйүү деген сонун да
Кайырма:
Сен кайдан келдиң?
Сен менен гана баарын жеңдим
Жок дебей мага жообуң бергин
Балапаным менин перим, аа.
Термеген, ырахатка бул убак,
Ыргагындай угулат,
Жүрөгүмдөн ыр курап.
Сен менен сезимимди аруулап,
Өмүрүмдү жаңылап...
Кайырма:
Ишенем сүйүү баяны,
Бактылуу болот аягы...
Күндөй нуруң күлүмдөгөн
Гүлдөй сулуу келбетиңден.
Сенин оттуу жамалың да,
Суктандырып күлкүң менен.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй
Жаным гүлдөйсүң,
Жүрөгүмө жакын жүргөнсүң.
Сенсиз мага өмүр жоктугун,
Жаным өзүң билгенсиң.
Акылын шай көркүң менен,
Эч кандай кем келтирбеген.
Экөөбүз бир жүргөн кезде,
Сыр калчу эмес чертилбеген.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Көркөм сулуу келбетиңде,
Сендей жан жок жер бетинде.
Бизге карап тамшанчу эле,
Кош ак куу да, көл бетинде.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Сөзү : Молдобек Ирсалиевдики
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбеков, Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Акбар Сүйүнбаевдики
Сөзү : Турар Кожомжаровдуку
Обону : Ильяз Агыбай уулу
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин.
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү,
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун,
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам,
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көз албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым, жароокерим, жамалыңды...
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Сөзү : Эгемберди Эрматовдуку
Обону : Аскар Карыбаевдики
Балбылдаган көзүң беле шам чырак,
Байкасаң, жакшы сөздөр айтылат сенин дарегиңе.
Ошол күндүн элесине байлангам,
Жолуңдан тоссо көлөкөңө кошо айлангам.
Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.
Кадырыңа жетсем деген жигит көп,
Карматпай ал ансайын бийиктеп кайда умтуласың.
Сырдашалы келчи бүгүн кечинде
Сындырып шагын мунурасын, жаным, кечирбе.
Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.
Сөзү : Турдакун Ниязалиевдики
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Сөзү : М.Баетовдуку
Обону : М.Баетовдуку
Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.
Калкыңа күндө барганда,
Капырай, минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылып өпсөм оозунан.
Сөзү : Ш.Бөрүкуловдуку
Обону : Н.Абдыразаковдуку
Бал татыган дүйнөмдүн
Байлыгы бул балалык
Жайнап турган гүл зардын
Жыпар жыты балалык
Жыргап ойноп, жомок коштоп
Жоругу көп балалыктын
Кайырма:
Таза, тунук кези көңүлдүн
Кайталангыс өмүрдүн
Кайрылбастан кетет бал агып
Балалыгың, өмүрүң
Көктөп турган дарактын,
Тамыры бул балалык.
Бул жашоонун жаркыган,
Жарык нуру балалык.
Күлүп, ойноп, кыял коштоп
Кылыгы көп балалыктын.
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Улан Осмон уулу, KG Эльмураттыкы
Сөзү : Жумабек Акбаровдуку
Обону : Жумабек Акбаровдуку
Жабыгып жалгыз калып.
Сагынып ырлар жазып.
Отурам айлуу түндө.
Сени эңсеп кыялданып.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.
Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын.
Тартып алчы колуң сунуп,
Сагынычтын торундамын.
Сагынамын, сагынамын,
Гүлүм сага жалынамын,
Сагынамын, сагынамын.
Кайгыга салдың кыйнап,
Сени эңсеп жүрөк сыздап.
Сагыныч дартка айланып,
Күн сайын барат ырбап.
Бактыма жаралганым.
Сагынтпай кел ардагым.
Кусалык зынданына.
Туш болуп камалганмын.
Кайырма:
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.
Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.
Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Сөзү : Максат Жангазиевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Досту таптым сыйды билип, ийилген,
Душман таптым дос терисин кийинген.
Айырмасын аңдап билип алардын,
Аста кадам жасап калдым кийин мен.
Достун досу сыноолордо билинген.
Жакшылыкта жандап баары көп жүрдү,
Жасалмасы далай көңүл чөктүрдү.
Кээ бирлери кыйын күндө табалып,
Кемчилигим чукуй берип, өстүрдү.
Достор менен көрдүм түркүн мезгилди.
Чыйыр жолу болор менин бактымдын,
Чын достордун ак жүрөгүн жактырдым.
Ичи көңдөй, пейили тар, жасалма,
Жаман досту жаратканга тапшырдым,
Жасалмасын жаратканга тапшырдым.
Кас досторду көңүлүмдөн жат кылдым.
Сен экөөбүздө тең бар намыс,
Акыйкатты кайдан табабыз.
Бакыттан билбей алыстап,
Кайгы-муңга чөгүп барабыз.
Бар сүйүүм бийик учпады,
Билинбей жүрөк муздады.
Бүттүндөй дүйнөм аргасыз, булганды
Кайырма:
Башкалардын жүргөнүнө,
Салыштырган сенде күнөө.
Ооба, билем, ойлоруң таза,
Бирок баскан изиң өзгөрүүдө.
Эми жолдон адашпа,
Сен жолдон адашпа,
Сен эми жолдон адашпа...
Эми түшүндүңбү баркымды,
Эми мага күйгөн жансыңбы?
Бир кезде чалкыган дүйнөң.
Көл болбой соолуп тартылды.
Көзгө албай жүрүп эч кимди,
Көздөрүң мени кеч билди.
Канча жыл жүрүп сүйүүмдү сездиңби?
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Бактылуумун, башкамын,
Бакытымды тапканмын,
Жашырбастан ачык айтайын.
Жүрөк толуп сүйүүгө,
Жүрөм арзуу көлүндө,
Жакшы көрдүм мен түбөлүккө,
Мен бактылуумун...
Кайырма:
Мен таптым көп күткөн махабатым,
Эркелеше жүрөлү, жаным.
Сен бактым, өзүңсүң жактырганым,
Сендик гана сезим, багым.
Жылмаюудан жаралган,
Биздин сүйүү - бүт аалам,
Жүрсөм деймин чыкпай жаныңдан.
Биздин бакыт түбөлүк,
Бийиктикте жүрөлүк,
Сезимдерди барктап өтөлүк.
|