|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Өмүрү жетпей тирилик,
Өткөндөр келбейт тирилип.
Жаралган адам эмгектен,
Жарыша иштеп төрөлүп
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Улуулардын тилеги ай, улуу да болот турбайбы,
Урматтаган адамың ай, сулуу да болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
Өткөндөрдүн баарысы да, тарыхта калат турбайбы.
Жакшыга жакшы туш болсо, багы да болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
Апаке, мактабачы, көзүмчө көкөлөтүп,
Канымдан бүткөнсүң деп үйрөттүң эркелетип.
Тирүүңдө алкай турган сөздөргө татыбаймын,
Саргартам жол каратып, үйүңдөн эрте кетип.
Саргартам жол каратып, апакем, ай, эрте кетип.
Аяйсың ачка калсам, акмактык ишке барсам,
Адалды аттап өтүп, арамды тиштеп алсам.
Мактанып келген кезде, мансапка кызмат кылып,
Маңдайдан сылабастан, кайра бир муштап алсаң.
Маңдайдан сылабастан, апакем, ай, муштап алсаң.
Апаке, даабайсың сен сырыңды угузарга,
Кызыңды аяймын деп кайра аны бузуп алба.
Сен кетсең зар болормун, сөз тургай карааныңа.
Сыйымды көрүп алчы, апакем, көзүң баарда,
Сыйымды көрүп алгын, төрүмдөн орун алгын,
Апакем, ай, көзүң барда.
Ойлосом дале кетпей түшүмдөн,
Оюнуңда жиптей тизилген.
Эркелүү да, кээде сылайсың,
Эмгек да келип жүзүңдөн.
Мээримге да толуп кучагың,
Мен дагы да сени кысамын.
Көрбөй бир калсам заматта,
Көрүүгө сени кусамын.
Татына жаштык өмүрдөн,
Таң нурдай жүзүң көрүнгөн.
Ташкынын да сузуп алсам дейм,
Таалайлуу сүйүү көлүңдөн.
Көп сүйүү жүгүн артынып,
Көз-карек да сага тартылып.
Жалыным да сен деп жангансыйт,
Жаштыгым от менде туруп.
Сөзү : Жыпара Умарованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Сагындыңбы, мен да сагындым,
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы, мен да таарындым.
Кайырма:
Жоолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми, ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калганмын.
Кыйналдыңбы, мен да кыйналдым.
Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу, унута албадым.
Кайырма:
Ыйладыңбы, мен да ыйладым,
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы, мен да ырдадым.
Кайырма:
Өлкөбүз биздин общий дом,
Ойнойбуз, ырдап, бийлейбиз.
Орулуу бир иш бүтүрбөй,
Ооз көптүрүп сүйлөйбүз.
Бузуп, тоноп жатса да
Бурулбайбыз, күйбөйбүз.
Кытайы да, түркү да
Тең укуктуу бирдейбиз.
Ким кожоюн, ким конок,
Кызыкпайбыз билбейбиз.
Ак үйдүн даамын таткандар,
Акимдерде жаккандар.
Абийирди, намысты,
Ала-Тоону саткандар.
Арам кылган иш үчүн,
Адал орден таккандар.
Кожоюндун кылычын,
Кош колдошуп чапкандар.
Жат дегенде жаткандар,
Бас деген жакка баскандар.
Өзү түшөр чуңкурун,
Өзүлөрү каскандар.
Хан сарайды кургандар,
Калкка көзүн жумгандар.
Келечектин үлүшүн
Кабыргадан жулгандар.
Казынаны курутуп,
Маарыгандар, туңгандар.
Тукуму эмес кыргыздын
Туура кудай ургандай.
Кайгы-капа болушса,
Кышкысын үшүп тоңушса.
Бир жылда үч, төрт той берип,
Билермандар тоюшса.
Пенсиясын чалдардын,
Каалагандай чоюшса.
Акимдер өзү баш болуп,
Ооз менен орок орушса.
Биздеги ушул абалды,
"Бордак" деп коет орусча.
Окуусун бүтүп келебиз,
Орносок акча беребиз.
Ортокеч тапсак эле биз,
Айла жок айтса көнөбүз.
Орундун баарын сатат дейт
"Отдел кадр" эжебиз.
Элибиз айтат жалайт деп,
Май кармаган бармагын.
Керегине жарайт дейт,
Керексизип ар дайым
Эбин тапкан көрөт дейт
Эжебиздин жардамын
Кечеги чоң базарчы
Нарынга кантип барганын.
Ысык-Көлгө жиберет
Ысык көргөн балдарын.
Он жылдык тоюн өткөрдүң
Иши жүрүп жарманын,
Айта берсең сөз бүтпөйт,
Өзүң түшүн калганын
Темир жолдо поезд термелет,
Телмиресиң алыс сен жөнөп.
Артыңда калабы айыл бош,
Аман кел, кайыр кош, кайыр кош.
Биз айтабыз башка эмне деп,
Кеттиң эле издеп бактыңды.
Таптыңбы, мекендеш, таптыңбы?
Кайырма:
Ала-Тоо мурас калып атаңдан,
Ажайып Ата Мекен аталбай.
Тоолордон күлүп чыгып күн өмүр,
Тоолорго күйүп кайра батар жан.
Кадырын өз жериңди биле жүр,
Кайтып келген сапардан.
Дүйнө кезип деңиз кечесиң,
Көйгөйлөрдөн көрдүң нечесин.
Көп азап дагы да кез келет,
Мээримдүү болсо экен өзгө жер.
Максатыңа бирок жетесиң.
Сени күтөт дайым мекениң,
Мен тийлеймин эсенин.
Кайырма:
Жайлоонун төрү кенен,
Өрдөсө өрү кенен.
Өзөндү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.
Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Шаарымдын өзү кенен,
Аралайт сүйүү деген.
Көчөнү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.
Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
|